Сариев: Кыргызстандагы 80 улуттун өкүлдөрү мамлекеттик органдарда иштөөгө укуктуу

Жазылуу
Премьер-министр өкмөт Кыргызстанда элдин биримдигин жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо жаатында атайын программалардын негизинде иш жүргүзүп жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жашаган 80ге жакын улуттун өкүлдөрү үчүн бирдей шарт түзүлгөнүн премьер-министр Темир Сариев ЕККУнун улуттар азчылыгы иштери боюнча Жогорку комиссары Астрид Торсту кабыл алуу учурунда билдирди. 

Анын айтымында, өкмөт Кыргызстанда элдин биримдигин жана улуттар аралык мамилелерди чыңдоо жаатында атайын программалардын негизинде иш жүргүзүп келет. 

"Кыргызстанда 80ге жакын улуттун өкүлдөрү жашап, алардын баарына бирдей шарт түзүлгөн. Ар бир жаран мамлекеттик органдарда иштөөгө укук алган. Мамлекет тынчтыкты, ар бир адамдын укугун жана эркиндигин толук камсыз кылуу үчүн бардык аракетти көрүп жатат", — деди Сариев.

Өз кезегинде ЕККУнун Жогорку комиссары Астрид Торс Кыргызстанда тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөө, улуттук азчылыктардын укугун коргоо жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча кызматташууну улантууга жана бул багытта көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0