Жаңы келген өкмөт Жогорку Кеңеште ант берди

© пресс-служба правительства КРПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттарынын 118и кечээ Темир Сариев премьер-министр болушуна макулдугун беришкен.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бейшембиде Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген өкмөт курамы парламентте мамлекет башчысынын жана депутаттардын, элдин алдында ант берди.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын 118и кечээ Темир Сариев премьер-министр болушуна макулдугун беришкен.

Андан кийин президент Президент Алмазбек Атамбаев премьер-министрликке Сариевдин дайындалышы боюнча буйрукка кол койду. 

 

  • Өкмөттүн курамын төмөндө көрүүгө болот. 
  • Биринчи вице-премьер-министр — Аалы Карашев 
  • Вице-премьер-министр — Олег Панкратов 
  • Вице-премьер-министр — Гүлмира Кудайбердиева
  • Өкмөттүн аппаратынын жетекчиси (министр даражасында) — Нурханбек Момуналиев 
  • Экономика жана өнөр жай министрлиги — Арзыбек Кожошев
  • Ички иштер министрлиги – Мелис Турганбаев 
  • Адилет министрлиги– Жылдыз Мамбеталиева 
  • Каржы министрлиги – Адылбек Касымалиев
  • Өзгөчө кырдаалдар министрлиги – Кубатбек Боронов 
  • Социалдык өнүктүрүү министрлиги – Кудайберген Базарбаев, 
  • Билим берүү жана илим министрлиги — Элвира Сариева 
  • Маданият, маалымат жана туризм министрлиги — Алтынбек Максутов
  • Саламаттык сактоо министрлиги – Талантбек Батыралиев
  • Транспорт жана байланыш министрлиги – Аргынбек Малабаев
  • Айыл чарба жана мелиорация министрлиги – Турдуназир Бекбоев
  • Тышкы иштер министрлиги — Эрлан Абдылдаев
  • Коргонуу боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси —Марат Кенжесариев
  • Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы — Абдил Сегизбаев.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0