БШК башчысы россиялык журналисттерге электрондук урналардын иштөө тартибин көрсөттү

© Sputnik / Диля РодионоваЭлектрондук урна. Архив
Электрондук урна. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу россиялык ЖМКлардын Кыргызстанга жасаган пресс-турунун алкагында болгон

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов россиялык жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө добуштарды автоматтык түрдө санаган урналарды көрсөттү. Бул туурасында БШКнын маалымат кызматы кабарлады. 

"БШК жетекчиси жума күнү Россиянын алдыңкы делген Биринчи канал, РИА-Новости, "ТАСС" жана Интерфакс сыяктуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолукту",— деп билдиришти маалымат кызматынан. 

Абдраимов журналисттерге шайлоо даярдыктары, демократиялык, ачык шайлоолорду өткөрүү үчүн жаңычылык технологияларды пайдалануу жана аны жайылтуу иштери боюнча маалымат берди. 

Жолугушуу россиялык ЖМКлардын Кыргызстанга жасаган пресс-турунун алкагында болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0