БИШКЕК, 24-июнь — Sputnik. Кыргызстандын Германиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп Эринес Оторбаев дайындалганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү буйрукка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койду.
Буга чейин КРдин Германиядагы элчиси болуп экс-президент Роза Отунбаеванын иниси Болот Отунбаев иштеп келген, ал өз ыктыяры менен кызматтан кетүү тууралуу берген арызынын негизинде бошотулган.
Эринес Оторбаев Тышкы иштер министринин орун басары болуп иштеп келген. Анын үчүнчү класстагы мамлекеттик кеңешчи деген чини бар.