15:39 29 Жалган Куран 2020
Түз эфир
  • USD80.2015
  • EUR88.3099
  • RUB1.0318
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө (53)
174 0 0

Өкмөт башчынын айтымында, ЕАЭБге киргенден кийин ар кайсы тармактардагы пайда болгон маселелерди чечүү үчүн өкмөттүк деңгээлдеги ыкчам штабдар иштеп баштайт.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев Ош аймагы боюнча иш-сапарында 2015-жыл Кыргызстан үчүн маанилүү окуянын бири — Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу экендигин, бул процесске байланыштуу иш-чараларды чечүү үчүн ыкчам штаб түзүлө тургандыгын айтты. 

Анын айтымында, аталган интеграциялык уюмга киргенден кийин ар кайсы суроолор, маселелер пайда болгондо, дароо чече тургандай система түзүлөт. 

"Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин көйгөйлөр чыкканда аны тез арада чечүү үчүн өкмөттүн деңгээлинде ыкчам иштеген штаб түзөбүз. Ал мигранттар, ишкерлер, жүк ташуучулар, андан сырткары финансылык жагдайда пайда болгон маселелерди чечип турушу керек. Ыкчам иштей турган мындай штабдар републиканын ар бир дубанында болушу зарыл", — деди өкмөт башчы Сариев.

9-майда Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү күтүлүп жатат. Россия, Белоруссия жана Казакстан 2014-жылдын 29-майында Астана шаарында Евразиялык экономикалык биримдик түзүү жөнүндө келишимге кол коюп, ал 2015-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген. Ал эми КРдин ЕАЭБге кошулуусу боюнча келишимге Москва шаарында 2014-жылдын 23-декабрында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин отурумунда кол коюлган.

Тема:
Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө ниеттенүүдө (53)

Тема боюнча

Сариев: көзөмөл-өткөрүү жайлар ЕАЭБ стандарттарына дал келиши зарыл
Ушаков: ЕАЭБ саммитинде КРдин биримдикке кошулуу кыйынчылыктарын талкуулашат
Сариев биометрикалык маалыматын тапшырбаган киши добуш бере албастыгын айтты
Белгилер:
Евразиялык экономикалык биримдик, Темир Сариев, Ош облусу

ЭҢ МААНИЛҮҮ