10:07 24 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7968
  • EUR100.7047
  • RUB1.1193
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
"Кумтөр": Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. ортосундагы биргелешкен ишкана (71)
80 0 0

Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешине талапкерлер өздөрү үчүн кошумча бонус сурабай тургандыктарын билдиришти.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешине мүчөлүккө талапкерлер эгер ага өтүп кала турган болсо компаниянын уставы менен бекитилген маянаны ала турганын маалымат жыйында Мартин Грехэм билдирди.

Экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев Centerra Gold Inc. ишканасынын директорлор кеңешине Кыргызстандын атынан бир нече чет элдик кишини мүчөлүккө сунуштаган.

Анын айтымында, алар өздөрүнө кошумча бонус сурашпайт.

"Centerra Gold Inc компаниясынын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн айлыгы жөнүндөгү маалымат баарына ачык, аны эч ким жашырбайт. Биз кеңешке тандалып калсак канча айлык аларыбыз белгилүү", — дейт Грехэм.

Ал ошондой эле, эгер Centerra Gold Inc компаниясы жаңы директорлор кеңеши келгенден кийин кошумча пайда таап башташса, алар бонус ала тургандыктарын кошумчалады.

10-апрелде Жоомарт Оторбаев Кумтөр кенин иштетүү боюнча канадалык компания менен биргелешкен ишкана түзүүдөн же аны улутташтыруудан баш тартуу керектигин айтып, учурдагы шартты калтырып, болгону Кыргызстандын пайдасы үчүн компаниянын менеджментин толугу менен алмаштырууну сунуштаган.

2014-жылдын февраль айында Жогорку Кеңеш өкмөткө Кумтөр маселеси боюнча Кыргызстан үчүн пайдалуу болгон шартта келишимди кайта түзүүнү тапшырган.

Көпчүлүк коалициядагы эки фракция – КСДП менен "Ар-Намыс" өкмөттүн сунушун карап, ишкананы улутташтыруудан баш тартышкан.

Тема:
"Кумтөр": Кыргыз өкмөтү менен Centerra Gold Inc. ортосундагы биргелешкен ишкана (71)
Белгилер:
Centerra Gold Inc, Кумтөр, Лорд Кланвильям, Мартин Грехэм, Жоомарт Оторбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ