06:56 28 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR103.0066
  • RUB1.1301
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
Жоомарт Оторбаевдин отставкага кетүүсү (13)
133 0 0

Парламентте депутат Жылдыз Жолдошова өкмөт башчысынын оставкасы турасында айтып жатып, үнү каргылданып кетти. Аны менен кошо премьерди экономикалык көп маселелерди чечпей кеткендигин сындады.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. Депутат Жолдошова Оторбаевдин отставкасы боюнча парламентте көпчүлүктүн коалиция өкүлдөрүнө кайрылып, Кыргызстандын маанилүү учурдун алдында эмне үчүн өкмөттү алмаштырып жаткандыгын сурады.

"ЕАЭБге кирүү алдында, мындай маанилүү учурдун алдында эмне үчүн өкмөттү алмаштырып жатасыңар. Бул кандайдыр бир фирма эмес, бул деген өкмөт! Эмнеге жетекчини каалаган учуруңарда алмаштырасыңар? Деги эл жөнүндө качан ойлойсуңар?", — деди ал парламентарийлерге.

Ал Оторбаевди Кумтөр маселесин азыркы абалга алып келип такаган премьер-министр деп ага айып койду. 

"Баалар асмандады, Кумтөр боюнча суроолор, чек ара маселелери чечилген жок, доллар дагы канчага өсөрүн ким билет", — деди Жолдошова.

Парламенттин өткөн аптадагы жыйындарынын биринде "Ата Журттун" лидери Оторбаевге иштегенге мүмкүнчүлүк берүү керектигин айткан.

Тема:
Жоомарт Оторбаевдин отставкага кетүүсү (13)

Тема боюнча

Эксперт: Оторбаевдин кетиши күзүндөгү шайлоого байланыштуу болушу мүмкүн
Жоомарт Оторбаев: отставкага кетүүнү чечтим
Белгилер:
өкмөт, Жогорку Кеңеш, Жылдызкан Жолдошова, Жоомарт Оторбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ