Депутат Келдибиков кечээ Кыргызстанга келди

© Фото / пресс-служба ЖК КРАхматбек Келдибеков. Архив.
Ахматбек Келдибеков. Архив. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коррупция боюнча айтыпталган ата-журтчу депутат Ахматбек Келдибиков Кыргызстанга келгендигин анын жактоочусу билдирди.

Бишкек, 11-фев — Sputnik. Ахматбек Келдибиков кечээ кечинде Кыргызстанга учуп келди. Анын жактоочусу Татьяна Чильникинанын айтымында, биринчи иретте депутаттын ага карата козголгон кылмыш иштери боюнча сот иштерин улантышат.

"Биринчи кезекте жасала турган кадам – мындан ары жасала турган иш-чараларды талкуулап, каралып жаткан соттук процесстерди андан ары жылдыруу үчүн сотко кайрылабыз", — деди анын Чильникина. 

Депутаттын жактоочусунун айтышы боюнча, Келдибековдун азыр абалы жакшы. Ага операция жасалган, 1-1,5 айдан кийин кайрадан дарыгерлерге кайрылышы мүмкүн экендигин Чильникина айтты. 

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту "Ата-Журт" фракциясынын депутаты Келдибековго Германияга барып дарыланып келүүсүнө уруксат берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0