07:10 22 Бирдин айы 2018
Түз эфир
Кадыр Токтогулов

Президенттин маалымат катчысы КРдин АКШдагы элчисине дайындалмакчы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
18 0 0

Мамлекет башчысынын маалымат катчысы Кыргызстандын АКШдагы элчиси болуп дайындалмакчы.

БИШКЕК, 25-дек — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы Кадыр Токтогуловдун Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчисине талапкерлиги ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинин кароосуна коюлат. Бул туурасында ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинен билдиришти.

Алынган маалыматтарда комитет талапкерди дүйшөмбү күнү 29-декабрда карайт.

Кадыр Токтогулов 1980-жылдын 28-апрелинде Ош шаарында туулган. 2003-жылы Бишкектеги БорборАзиялык Америка институтун бүтүргөн. Associated Press маалымат агенттигинин Кыргызстандагы бөлүмүндө, Dow Jones Newswires/Wall Street Journal Казакстандагы бөлүмүндө иштеген. 2011-жылы өкмөттүн аппаратынын маалымат саясаты бөлүмүн башкарган. 2012-жылдын 3-мартынан тарта президенттин маалымат катчысы. 

Комитет талапкер боюнча оң же терс чечим кабыл алгандан кийин, анын жыйынтыгын Тышкы иштер министрлигине жиберет. Документтер ТИМ аркылуу президенттин бекитүүсүнө жөнөтөт.

Тема боюнча

УКМК: элчиликтин кызматкери кармалгандыгы жөнүндө маалымат такталууда
Катар мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилиги ачылат
Бириккен Араб Эмираттарында Кыргыз Республикасынын элчилиги уюштурулду
АКШ ЖМКсы: Памела Спратлен Өзбекстандагы элчи кызматына бекитилди
Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси дайындалды
Белгилер:
Кадыр Токтогулов, Алмазбек Атамбаев, АКШ
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ