00:36 05 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7102
  • EUR100.3901
  • RUB1.1638
Саясат
Кыскача шилтеме алуу
25 0 0

КСДП фракциясы эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына партиянын катарындагы Айбек Азыранкуловду көрсөттү.

БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. КСДП фракциясы эмгек, миграция жана жаштар министри кызматына Айбек Азыранкуловдун талапкерлигин көрсөткөнүн депутат Эркин Сакебаев Sputnik сайтына билдирди.

Анын айтымында, жыйынга 18 депутат катышып, алар бир добуштан Азыранкуловдун талапкерлигин колдошкон.

Айбек Азыранкулов буга чейин өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлү болуп иштеген. Учурда эч жерде иштебейт жана КСДП партиясынын катарында турат.

Жума, 12-декабрда президент Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов ээлеген кызмат ордунан бошотулган.

КСДП фракциясы бул министрлик орунга Ирина Карамушкина менен Данияр Тербишалиевду сунушташкан, бирок алар баш тартышкан.

Тема боюнча

Партиянын принципиалдуу тапшырмасы болсо, анда министр болом
Министрлик жалгыз, талапкерден төртөө
Данияр Тербишалиев министрлик кызматтан баш тартты
Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов кызматынан кетти
Белгилер:
Айбек Азыранкулов, Эркин Сакебаев, Алмазбек Атамбаев, Алиясбек Алымкулов, Ирина Карамушкина, Данияр Тербишалиев, КСДП фракциясы

ЭҢ МААНИЛҮҮ