Атамбаев диний фанатизмди айыптады

Жазылуу
Коргоо кеңешинин жыйынында президент Алмазбек Атамбаев диний фанатизм менен күрөшүү үчүн кескин кадамдар керек экенин билдирди.

Коргоо кеңеши диний абалды талкуулайт
Бишкек, 3-ноя — Спутник Кыргызстан. Мамлекеттик "Ала-Арча" резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Өлкө башчы өз сөзүндө ашкере исламдашуунун кесепетинен кыргыздар өз касиетин жоготушу мүмкүн деп кооптонду. 

"Ашкере исламдашуу дегендин төркүнүндө кыргызды маңкурт кылуунун дагы бир амалы, улуттук касиетти жоготуу максаты турат. Кыргыздар арабдашып кетсек ошол элдин салттын колдонуп, кийимин кийип, тилин сүйлөп калабыз. Улутубузду жоготобуз”,  деди Атамбаев. 


Жаңылыктар түрмөгү
0