22:28 21 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5043
  • RUB1.1584
Сүрөт

Мотурайган, гүл көтөргөн бөбөктөр. Бишкектеги мектеп линейкасынан 15 сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
288 0 0
  • Ошентип, 2021-2022-окуу жылы башталды. Билим күнү быйыл адаттагыдай 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда белгиленди
  • Мектеп босогосун алгач ирет аттап жаткан мотурайган бөбөктөр
  • 1-класстын окуучулары үчүн жаңы жашоо башталды
  • Күн ачык болгондуктан линейканын басымдуу бөлүгү мектептердин эшигинин алдында өттү
  • Линейка ыр-бий, куттуктоолор менен коштолду
  • Балдар менен кошо кубанып, толкунданган ата-энелер
  • Пандемиядан улам 2020-жылдын 8-апрелинде мектептер онлайн окууга өткөн
  • Кээ бир класстын окуучулары 8-апрелден бери мектепке биринчи ирет келишкен
  • Эми мектептердин баарында окуу кадимки тартипте өткөрүлөт
  • Мугалимдер да окуучуларга жандуу сабак өтүүнү сагынса керек
  • Биринчи чейрек 15-сентябрда башталып, 5-ноябрда аяктайт
  • Алгачкы коңгуроосун каккан бөбөктөр
  • Салтанаттуу линейкадан кийин окуучуларга тарбиялык саат өтүлдү
  • Министрликтин маалыматы боюнча, окуу жылынын кеч башталуусу мугалимдердин айлыгына таасир этпейт
  • Ал эми акыркы коңгуроо жылдагыдай 25-майда эмес, 9-июнда кагылат
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Ошентип, 2021-2022-окуу жылы башталды. Билим күнү быйыл адаттагыдай 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда белгиленди

Кыргызстандын мектептеринин баарында бүгүн, 15-сентябрда, Билим күнү белгиленип, салтанаттуу линейка өттү. Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков мектептердин бирине барып иш-чарадагы кызыктуу учурларды сүрөткө тарткан.

Бүгүн мектептер шаңга бөлөнүп, ак көйнөк кийип, ак бантик тагынган окуучулар билим берүү жайларынын айланасын көркөмдөдү.

Пандемиядан улам былтыр мектептерде салтанаттуу линейка өтпөй, төртүнчү чейрекке чейин көпчүлүк класстар онлайн окуган. Быйыл эпидемиологиялык кырдаал эске алынып окуу жылы 15-сентябрда башталды. Буга туристтик сезонду узартуу да себеп болгон. Салтанаттуу линейка ыр, бий, куттуктоолор менен коштолуп, андан соң окуучуларга тарбиялык саат өтүлдү.

Тема боюнча

Исакова: мектеп каникулдары да эки жумага жылат
Ош шаарында 120 орундуу бала бакча ачылды. Сүрөт
Көптөн күткөн майрам! Мектептерде өткөн салтанаттуу линейканын видеосу
Белгилер:
Бишкек, мектеп, окуучу, бөбөк, сүрөт

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ