00:23 17 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7960
  • EUR99.8176
  • RUB1.1707
Сүрөт

iPhone менен тартылган мыкты сүрөттөр: Photography Awards 2021 сынагы жыйынтыкталды   

Кыскача шилтеме алуу
351 0 0
  • Россиялык фотограф Татьяна Мерзлякованын Аврора Бореалисинин сыйкыры сүрөтү Саякат номинациясында биринчи орунду ээледи 
  • Венгриялык фотограф Istvan Kerekes Трансильваниянын овчаркалары сүрөтү сынактын баш байгесин жеңип алды
  • Британиялык Mohan Wang Жаратылыш номинациясында экинчи орунду алды
  • Кытайлык Dan Liu тарткан Марстагы сейилдөө деген сүрөт Жылдын сүрөтчүсү номинациясында мыкты деп табылды
  • Жан дүйнөнү түшүнүү сүрөтү Портрет номинациясында үчүнчү орунду алды. Аны испаниялык Quim Fabregas тарткан.
  • Германиялык фотограф Valerie Helbich-Poschacher жөнөткөн Кыздардын пикири сүрөтү Жашоо стили номинациясында үчүнчү орунду алды
  • Бөлөк номинациясында экинчиге Изоляция кадры татыктуу болду. Аны италиялык аял Carlotta Consonni тартып алган.
  • Жашоо стили номинациясында биринчи орунду бангладештик фотограф Mahabub Hossain Khan Эски спорттук зал сүрөтү менен жеңди
  • Кытайлык фотограф Dong Wei тарткан сүрөт Балдар номинациясында мыкты болду
  • Голландиянын таңы сүрөтү Таңдын агарышы номинациясын жеңди. Аны нидерландиялык Claire Droppert тарткан.
  • Курчап турган айлана номинациясында израилдик Einat Shteckler тарткан Булут сүрөтү алдыга озуп чыкты
  • Жылдын сүрөтү номинациясында үчүнчү орунду Абада басуу сүрөтүн тарткан америкалык Jeff Rayner алды
  • Бөлөк номинациясында үчүнчү орунга татыган Болжолдуу көрүү сүрөтү. Автору америкалык Pavlo Kyryliuk.
  • Грециялык сүрөтчү Iakovos Draculis жараткан кадр Балдар номинациясында экинчини илип кетти
  • Жаратылыш номинациясында мыкты деп табылган Жакшылык тууралуу ой сүрөтү. Автору австралиялык Christian Horgan.
  • Кытайлык Yuexiang Wang жараткан Таттуулар сүрөтү Архитектура номинациясында биринчи орунду алды
  • Америкалык фотограф Liz Huang тарткан сүрөт Чоң шаардагы жашоо номинациясында экинчи болду
  • Биригүү кадры Жылдын сүрөтү номинациясын жеңди. Автору индиялык Sharan Shetty.
  • Италиялык фотограф Matteo Lava тарткан Тоңгон линиялар сүрөтү Абстракция номинациясында үчүнчү орунду алды
  • Ачык түстүү сүрөт тарткан кытайлык фотограф Hexiang Zhou Дагы тирүүмүн номинациясында экинчи орунду ээледи
  • Жаныбарлар номинациясын нидерландиялык Laila Bakker жеңди
  • Ландшафт номинациясын жеңген кооз сүрөт. Автору америкалык Lizhi Wang.
  • Аталышы жок деген сүрөт Абстракция номинациясында мыкты болду. Автору австралиялык Glenn Homann.
  • Кара жай, көгүш Монтень кадры Адамдар номинациясында биринчи орунду жеңди. Автору австралиялык фотограф Christian Horgan.
Россиялык фотограф Татьяна Мерзлякованын "Аврора Бореалисинин сыйкыры" сүрөтү "Саякат" номинациясында биринчи орунду ээледи 

Нью-Йоркто (АКШ) 14-жолу өтүп жаткан iPhone Photography Awards (IPPAWARDS) сынагы жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды.

Эл аралык конкурстун өзгөчөлүгү — Apple смартфонуна тартылган мыкты сүрөттөр кабыл алынат.  

Жеңүүчүлөрдүн арасында россиялык фотографтар да бар. Татьяна Мерзлякованын "Аврора Бореалисинин сыйкыры" сүрөтү "Саякат" номинациясында биринчи орунду ээледи.  

Сынактагы эң мыкты кадрларды сүрөт түрмөктөн көрүңүз.

Тема боюнча

Дүйнөдөгү укмуш 19 портрет. Оргуган жаштык жана сибари керемети
Жыгылып, бырышып, үркүтүп күлкүгө салган спортчулар. Таймаштардагы 18 сүрөт
Белгилер:
iPhone, сүрөт, конкурс, фотограф

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ