18:37 16 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Сүрөт

Бишкектеги чиркөөдө Пасха майрамы белгиленди. Сүрөттөр

Кыскача шилтеме алуу
127 0 0
  • Пасха майрамынын күнү жыл сайын Ай, Күн календарына ылайык эсептелет
  • Быйыл майрам 2-майга туш келди
  • Бишкектеги Ыйык Жекшемби кафедралык чиркөөсүнө келип сыйынгандар
  • Бул күнү түн ичинде чиркөөгө барып чокунуп, шам жагышат
  • Пасха — христиандардын чоң майрамы жана ага терең маани берилет
  • Анын башкы символу — боелгон жумурткалар. Андан сырткары, атайын пасха токочтору, грек жаңгагы менен мейиз коюлат.
  • Пасханын түпкү мааниси — куткарылуу майрамы
  • Иса тирилди деп бүткүл христиан дүйнөсү ишенген күн
  • Бул Пасха майрамында христиандар бири-бирин куттукташып, жаман иштен алыс болушат
  • Пасха адамдардын жүрөгүнө үмүт, келечекке ишеним жаратып, кубаныч тартуулайт
  • Кыргызстанда бул майрам конфессиялар арасындагы диалогду түзүп, толеранттуулукка жана калктын биримдигине себепкер болуп келет
  • Пасха православдардын жашоодогу жолун жана руханий баалуулуктарын, каада-салттарын бириктирген жаркын майрам катары да түшүндүрүлөт
  • Кыргызстандын эли жыл сайын Нооруз, Орозо айт, Курман айт, Рождество жана Пасха майрамын катар белгилеп келет
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Пасха майрамынын күнү жыл сайын Ай, Күн календарына ылайык эсептелет

Бүгүн түнү Бишкекте Ыйык Жекшемби кафедралык чиркөөсүндө Пасха майрамы белгиленди. Бул майрам быйыл 2-майга туш келди.

Борбор калаадагы чиркөөгө жүздөгөн киши келди. Илгертен бери Пасха майрамында христиандар түн ичинде чиркөөгө барып чокунуп, шам жагышат. Бул күнү бири-бирин куттукташып, жаман иштен алыс болушат.

Пасха — христиандардын чоң майрамы жана ага терең маани берилет. Христиан дининде Иисус Христостун тирилген күнү катары саналат. Майрамдын башкы символу — боелгон жумурткалар. Андан сырткары, атайын пасха токочтору, грек жаңгагы менен мейиз коюлат.

Тема боюнча

Бишкектин чок ортосунда "каракчы" өрттөлдү. Масленица майрамынын видеосу
Белгилер:
сүрөт, чиркөө, майрам, пасха, Бишкек

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ