Кинодогу Сур эчки менен барстын кийинки тагдыры. "Ак илбирстин тукумунан" 13 сүрөт

Жазылуу
Өткөн кылымдын 80-жылдары режиссёр Төлөмүш Океев элдик эпосту тасмага айлантууга катуу киришип, "Ак илбирстин тукуму" фильмин көрүүчүлөргө сунуштаган.

Эмгек бир топ чет элдиктерди таң калтырып, "кыргыз кереметинин" атагын дагы далайга жеткирген. Бул ирет Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган кинокартинадагы сейрек ирмемдерди сунуштайт.

Төлөмүш Океев "Кожожаш" эпосунун негизинде тартыла турчу фильмдин сценарийин драматург Мар Байжиев менен жазып, СССРдин кинематография боюнча комитетине үч жолу кайра-кайра жиберип жатып макулдук алган. Ошол кезде аялы Жумаш Өмүрова да сыркоолоп, онкологиялык клиникада текшерилип жүргөн.

Иманалы Айдарбековдун үй-бүлөсү. Алардын Токтобүбү жана Рапия (Рафа) аттуу эки кызы болгон - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.01.2021
Кыргыз каймактарынын бири Иманалы Айдарбеков жана үй-бүлөсү. Тарыхый 11 ирмем
Москвадан уруксат алгандан кийин өзүнүн иштей турган адамдарын чогултууга киришип, Кожожаштын ролуна Сүймөнкул Чокморовду тартууну көздөгөн, бирок ал катуу ооруп жүргөндүктөн тилеги ишке ашпай калган. Анда режиссёр баскан-турганы, өңү-түсү да башкы ролго дал келет деп Москвада окуп жүргөн Догдурбек Кыдыралиевди чакыртып келген. Кинофильмде Нуртай Борбиев оператор болсо, композитору Москвада бешинчи курста окуган Муратбек Бегалиев болгон.

Кинокартинада айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылып, аны менен эриш-аркак жашабаса кесепети аянычтуу болуп, Кожожаштай уулунан ажырап, Сур эчкинин каргышынан улам асканын башында жалгыз калгандай тагдырга ар бир адам туш келиши мүмкүн экендиги баяндалган.

"Ак илбирстин тукуму" 35тей мамлекеттин көрүүчүлөрүнө сунушталып, Берлиндеги эң абройлуу кинофестивалдардын биринде "Күмүш аюу", Дамаск шаарында "Күмүш кылыч" сыйлыгына, Минск шаарындагы Бүткүл союздук фестивалда башкы байгеге татыган.

Тасма Хан-Теңири чокусунда, Кегети ашуусунда, Ала-Арча капчыгайында, Ат-Башынын жайлоолорунда жана бөкөндөргө аңчылык кылган учур Казакстандын Моюн-Кум талаасында тартылган. Ага 200дөн ашык адам катышып, Ашыр Чокубаев, Досхан Жолжаксынов, Гүлнара Абдыкадырова, Калыйча Акматова, Айбек Кыдыралиев, Акыл Куланбаев, Светлана Чебодаева-Чаптыкова, Сакыбек Карабаев, Али Мухаммед, Раимбай Сеитов, Димаш Ахимов, Алексей Араштаев, Гүлсара Ажыбекова, Чоро Думанаев, Орозбек Кутманалиев, Асанбек Кыдырназаров өңдүү кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору образ жараткан. Айрым эпизоддорду тартууга каскадёрлор, СССРдин борборунан альпинисттер да чакыртылган. Ал эми киночулар тасмада колдонулган ак илбирс, Сур эчки кийин зоопаркка өткөрүп берилген.

© Sputnik / Александр ФедоровБашкы ролдогу Догдурбек Кыдыралиев (Кожожаш) менен Ашыр Чокубаев (Касен)
Съемки фильма Потомок белого барса Толомуша Океева - Sputnik Кыргызстан
1/13
Башкы ролдогу Догдурбек Кыдыралиев (Кожожаш) менен Ашыр Чокубаев (Касен)
© Sputnik / Александр ФедоровКожожаштын келинчеги Зулайканын образында Гүлнара Кадыралиева
Съемки фильма Потомок белого барса Толомуша Океева - Sputnik Кыргызстан
2/13
Кожожаштын келинчеги Зулайканын образында Гүлнара Кадыралиева
© Фото / Александр ФедоровЖаш актёр Марат Жантелиев капканга түшүп калган ак илбирс менен алышып жаткан учуру, 1984-жылы Чүй облусунда тартылган
Фильм Потомок белого барса  - Sputnik Кыргызстан
3/13
Жаш актёр Марат Жантелиев капканга түшүп калган ак илбирс менен алышып жаткан учуру, 1984-жылы Чүй облусунда тартылган
© Sputnik / Александр ФедоровКөзүнөн жашы төгүлүп ыйлаган Зулайканы көтөрүп баскан Кожожаш
Съемки фильма Потомок белого барса Толомуша Океева - Sputnik Кыргызстан
4/13
Көзүнөн жашы төгүлүп ыйлаган Зулайканы көтөрүп баскан Кожожаш
© Sputnik / Александр ФедоровКРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова
Съемки фильма Потомок белого барса - Sputnik Кыргызстан
5/13
КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Жантелиев менен Кыргыз ССРинин эл артисти Алиман Жангорозова
© Sputnik / Александр ФедоровМундузбай ак дасторкон үстүндө аксакалдар менен
Съемки фильма Потомок белого барса Толомуша Океева - Sputnik Кыргызстан
6/13
Мундузбай ак дасторкон үстүндө аксакалдар менен
© Фото / Александр ФедоровБашкы каарман Кожожаштын образын жараткан актёр Догдурбек Кыдыралиев
Кинофильма Потомок белого барса - Sputnik Кыргызстан
7/13
Башкы каарман Кожожаштын образын жараткан актёр Догдурбек Кыдыралиев
© Фото / Александр ФедоровЭр жүрөк Кожожашты сүйүп калган Айкенин образында Гүлнара Чокубаева
Фильм Потомок белого барса - Sputnik Кыргызстан
8/13
Эр жүрөк Кожожашты сүйүп калган Айкенин образында Гүлнара Чокубаева
© Фото / Александр ФедоровКапканга түшкөн ак илбирс, аны бошотууга камынган Кожожаш жана киночулар
Съемки фильма Потомок белого барса - Sputnik Кыргызстан
9/13
Капканга түшкөн ак илбирс, аны бошотууга камынган Кожожаш жана киночулар
© Sputnik / Александр ФедоровЭэн талаада өлүп жаткан бөкөндөр менен кошо ок жеген Карагул
Съемки фильма Потомок белого барса Толомуша Океева - Sputnik Кыргызстан
10/13
Ээн талаада өлүп жаткан бөкөндөр менен кошо ок жеген Карагул
© Sputnik / Александр ФедоровКинофильмди тартууга кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору да катышкан
Съемки фильма Потомок белого барса Толомуша Океева - Sputnik Кыргызстан
11/13
Кинофильмди тартууга кыргыз, хакас, тажик, өзбек жана казак актёрлору да катышкан
© Sputnik / Александр Федоров"Ак илбирстин тукуму" тасмасын тартуу маалында киночулар бийик тоолуу аймакта, оор шартта иштеген
Съемки фильма Потомок белого барса Толомуша Океева - Sputnik Кыргызстан
12/13
"Ак илбирстин тукуму" тасмасын тартуу маалында киночулар бийик тоолуу аймакта, оор шартта иштеген
© Sputnik / Александр ФедоровАк илбирсти жаратууга катышкан чыгармачыл топ, ортодо режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Нуртай Борбиев
Окееву — 80 лет. Кыргызское чудо или строчка фильмов длиной в эпоху - Sputnik Кыргызстан
13/13
Ак илбирсти жаратууга катышкан чыгармачыл топ, ортодо режиссёр Төлөмүш Океев менен оператор Нуртай Борбиев
Жаңылыктар түрмөгү
0