00:50 15 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.5098
  • EUR87.9814
  • RUB1.0897
Сүрөт

Жүз жыл мурун кыргыздар кандай эле. Уникалдуу 11 сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
349521
  • Немец саякатчысы Готфрид Мерцбахер Кыргызстанга 1902-жылы келген
  • Ал Хан-Теңир чокусун изилдөө максатында келген. Учурда бул тоо Кыргызстандагы эң бийик чокулардын арасында үчүнчү орунда турат.
  • Саякатчыга сапар учурунда жигиттер жардам берген. Ал мемуарында ага кол сунган жергиликтүү кишилерди ушинтип атаган.
  • Мерцбахер кыргыздар жүн жана териден жасалган буюмдарды сатарын да жазып калтырган
  • Сүрөттөрүндө боз үйлөрдү, кийизден жасалган буюмдарды тарткан. Бирок, эң башкысы, кишилерди тартууга басым жасаган.
  • Готфрид Мерцбахер мүнүшкөрлөрдү да тартууга жетишкен
  • Сүрөттү карап туруп ал өлкөнүн түндүгүнөн тартылганын боолголоого болот. Өлкөнүн бул аймагында жашаган аялдар дал ушундай элечек кийген.
  • Тартылган сүрөттөрдүн көбү экспедициянын мүчөлөрү тоо сууларынан өтүп баратканда жарабай калган. Пленка салынган атайын темир кутуга суу кирип кеткен.
  • Немец саякатчысы өзбек базарына барууга да жетишкен
  • Мерцбахер Хан-Теңир тоосунун түбүнө чейин келген
  • Готфрид Мерцбахер Хан-Теңир тоосун биринчилерден болуп сүрөткө тарткан
© Фото / SLUB Dresden / Deutsche Fotothek / Gottfried Merzbacher
Немец саякатчысы Готфрид Мерцбахер Кыргызстанга 1902-жылы келген

Дрезден китепканасынын архивинде саякатчы Готфрид Мерцбахердин 1902-жылы тарткан сүрөттөрү сакталып калган.

Анда жүз жыл мурдагы кыргыздардын жашоосу, кийингени жана турмуш-тиричилиги тартылган. Бул сүрөттөрдү ХХ кылымдын башында немец изилдөөчү Готфрид Мерцбахер Борбор Азияга болгон саякаты учурунда тартып алган.

 

Тема боюнча

Кыргызстандагы кандуу жолду көрүп үрөйүм учкан — немец окумуштуусунун Тянь-Шанга саякаты
Кыргызстандагы эң сырдуу көл. Окумуштууларды таңыркаткан жердин видеосу
Дүйнөдөгү эң кооптуу тоолордун бири. Хан-Теңири чокусу тууралуу видео
Белгилер:
Борбордук Азия, Сүрөт, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ