20:27 11 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4252
  • RUB1.0989
Сүрөт

Кыламык кар, сейилдеген бөбөк. Бишкектин көчөлөрүнөн тартылган 11 сүрөт

Кыскача шилтеме алуу
769 0 0
  • Кыш келе жатканы туурасында Бишкекке сүйүнчүлөдү. Эркиндик проспектиси.
  • Энеси менен уулу. Эртең мененки сейилдөө.
  • Тамак издеген тыйын чычкан. Бул жаныбар кышты деле сезбесе керек.
  • Жумушка, мектепке, бала бакчага шашкан бишкектиктер
  • Мындай аба ырайында кыя өтө албайсың. Чай, кофе жана таттуу токоч.
  • Көгүчкөндөрдү карап турган бала
  • Шаарга кыштын сүрү жакындады. Анткен менен тез эле эрип кете турган кар шаардыктарды бир топ жүдөтөт.
  • Аптапта, суукта, жамгырда, карда — бардык учурда ишке чыккан адамдар
  • Терезелерди жылуулайбыз
  • Кар жана көгүчкөн
  • Бишкек шаары, Ала-Тоо аянты, 2019-жыл, 21-ноябрь
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыш келе жатканы туурасында Бишкекке "сүйүнчүлөдү". Эркиндик проспектиси.

Кыргызстандык синоптиктер апта башында аба ырайы өзгөрүп, жамгыр карга айланарын айтышкан. Анткен менен азырынча катуу суук боло элек. Sputnik окурмандарга кар түшкөн Бишкектен тартылган сүрөттөрдү сунуштайт.

Бейшембинин түнүндө борбор калаага кыламык кар жаады. Бирок азырынча жолдор тайгак эмес. Синоптиктер 21-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр жана кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болорун айтышкан.

Тема боюнча

Кар жаайт! Бейшембиге карата аба ырайы
Белгилер:
көгүчкөн, көчө, кар, Бишкек, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ