Үйү сейил бакка, баласы топуракка айланып... Авиакырсыктан көз жумгандар эскерилди

Жазылуу
Дача СУдагы учак кырсыгында каза болгондорду эскерип жакындары жана өкмөт мүчөлөрү мемориалдык комплекске барып гүл коюп, куран окушту.

Туура эки жыл мурун май куюуга гана кончу учак Дача СУ айылынын үстүнө түшүп, 39 адамдын өмүрүн алып, 73 үйдү жок кылган. Былтыр каза болгондордун элесине мемориалдык комплекс курулган. Жок болгон 73 үйдүн орду болсо бара-бара сейил бакка айланмакчы.

Дача СУ айылындагы учак кырсыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бала кучактаган эне ак жууркан алдында жатыптыр. Куткаруучу Дастан менен маек
Апааттан мерт кеткендерди эскерүү үчүн бүгүн өкмөт мүчөлөрү, көз жумгандардын жакындары мемориалдык комплекске барып гүл коюп, куран окушту. Сүрөтчү тарткан кадрлардын арасынан каргашалуу кырсыктан ата-эне, бир туугандарынан айрылган Жакшылыкты, үч баласын бир күндө жоготкон Венера Шейшекееваны, өксүгөн энелерди көрүүгө болот.

Түркиянын ACT Airlines компаниясына таандык Boeing 747 учагы 16-январь күнү таңкы саат 7:30дар чамасында Дача СУ айылына кулаган. Андан экипаждын төрт мүчөсүн кошкондо 39 адам каза болуп, дагы 15 киши жабыркаган. Кырсыктын чоо-жайын иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлгөн. Учурда бардык каза болгон адамдардын жакындары менен жабыркагандарга компенсация төлөнүп бүткөн.

Кийинчерээк Boeing Гонконг — Стамбул каттамы менен учуп баратканы белгилүү болгон. Бишкекке май куюу үчүн конмок. ACT Airlines компаниясына таандык учак Turkish Airlines тарабынан ижарага алынган.

© Sputnik / Табылды КадырбековДача СУдагы учак кырсыгынан каза болгондордун элесине тургузулган мемориалдык комплекс. Эстеликте мерт болгон 39 адамдын аты-жөнү жазылган.
Церемония возложения цветов к памятнику погибшим в поселке Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
1/10
Дача СУдагы учак кырсыгынан каза болгондордун элесине тургузулган мемориалдык комплекс. Эстеликте мерт болгон 39 адамдын аты-жөнү жазылган.
© Sputnik / Табылды КадырбековБүгүн аталган жайга эскерүү үчүн маркумдардын жакындары келди
Церемония возложения цветов к памятнику погибшим в поселке Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
2/10
Бүгүн аталган жайга эскерүү үчүн маркумдардын жакындары келди
© Sputnik / Табылды КадырбековАрасында каргашалуу кырсыктан ата-эне, бир туугандарынан айрылган Жакшылык Шералиев дагы бар
Церемония возложения цветов к памятнику погибшим в поселке Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
3/10
Арасында каргашалуу кырсыктан ата-эне, бир туугандарынан айрылган Жакшылык Шералиев дагы бар
© Sputnik / Табылды КадырбековСүрөттөгү аткаминерлердин ортосундагы аял — Венера Шейшекеева. Ал учак кырсыгынан үч баласын жоготкон. Учурда Шейшекеева кырсыктан жабыркагандар тарабынан түзүлгөн демилгечи топтун төрайымы.
Церемония возложения цветов к памятнику погибшим в поселке Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
4/10
Сүрөттөгү аткаминерлердин ортосундагы аял — Венера Шейшекеева. Ал учак кырсыгынан үч баласын жоготкон. Учурда Шейшекеева кырсыктан жабыркагандар тарабынан түзүлгөн демилгечи топтун төрайымы.
© Sputnik / Табылды КадырбековКырсыкка бүткөн ак учак, кыйратып кетти канчаны...
Церемония возложения цветов к памятнику погибшим в поселке Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
5/10
Кырсыкка бүткөн ак учак, кыйратып кетти канчаны...
© Sputnik / Табылды КадырбековМаркумдарга куран окулду
Церемония возложения цветов к памятнику погибшим в поселке Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
6/10
Маркумдарга куран окулду
© Sputnik / Табылды КадырбековТуура эки жыл мурун бул айылда жүздөгөн киши кычыраган кыштын суугунда үй-жайынан ажырап, мүңкүрөп отуруп калган эле
Церемония возложения цветов к памятнику погибшим в поселке Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
7/10
Туура эки жыл мурун бул айылда жүздөгөн киши кычыраган кыштын суугунда үй-жайынан ажырап, мүңкүрөп отуруп калган эле
© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевКөкүрөктөгү кетпеген муң, көзгө жаш алган энелер...
Церемония возложения цветов к памятнику погибшим в поселке Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
8/10
Көкүрөктөгү кетпеген муң, көзгө жаш алган энелер...
© Sputnik / Табылды КадырбековУчак кырсыгынан эки үй-бүлө толук мерт болсо, апаат айрымдарды жетим калтырып, энелерди баласынан айрыган.
Церемония возложения цветов к памятнику погибшим в поселке Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
9/10
Учак кырсыгынан эки үй-бүлө толук мерт болсо, апаат айрымдарды жетим калтырып, энелерди баласынан айрыган.
© Sputnik / Табылды КадырбековЭстеликке гүл койгон жеткинчек
Церемония возложения цветов к памятнику погибшим в поселке Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
10/10
Эстеликке гүл койгон жеткинчек
Жаңылыктар түрмөгү
0