Таиланддын борбору Бангкок шаарында "Аалам сулуусу — 2018" сынагынын финалы болуп өттү. Эң чырайлуу кыз деп филиппиндик Катриона Грэй табылды.
Ал учурда Кыргызстанда президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча алгачкы маалымат жыйынын өткөрдү.
Ал эми Бишкектин Кожомкул атындагы спорт сарайында бодибилдерлердин арасында сынак өттү.
Кытайда реформалар жана ачыктык саясатынын 40 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүлүп жатат.

Таиланддын борбору Бангкок шаарында "Аалам сулуусу — 2018" сынагынын финалы болуп өттү. Эң чырайлуу кыз деп филиппиндик Катриона Грэй табылды

Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча алгачкы маалымат жыйыны

Россия президенти Владимир Путиндин жыл сайын өтчү ири маалымат жыйынына 1 702 журналист катышты

Катар улуттук күнүн майрамдоо маалында

Бишкектин Кожомкул атындагы спорт сарайында бодибилдерлердин арасында сынак өттү

Бийликтин аракетсиздигине нааразычылык акциясынын катышуучусу. Украина, Львов шаары

Хайленд жаратылыш паркындагы тоңуп калган суудагы аюу. Шотландия

Барселонада Каталониянын көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөндөр менен полициянын ортосунда чыккан тиреш

Бразилиянын Манаус шаарындагы өрт 600 үйдү жалмап кетти

Пхеньян шаарынын тургундары Ким Чен Ирдин өлгөн күнүн белгилеп жатат

Кытайда реформалар жана ачыктык саясатынын 40 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүлүп жатат

Красноярск шаарында Аяз атанын костюмун кийген альпинист 57 метрлик балатыны кооздоп жатат

Конгонун Киншаса шаарынын тургундары оппозициянын нааразычылык акциясын карап отурат

Суу алдындагы Санта-Клаус. Токио

Россия президенти Владимир Путин Чыгыш аскер округуна сыйлык тапшыруу маалында

Жыл ичиндеги эң кыска күн 22-декабрды бразилиялыктар жыл сайын майрамдап келет

Балашихадагы чочколор шоусу

Чилидеги TPS операторуна карата нааразычылык акциясынын катышуучусу

Индонезиядагы цунамиде каза болгондордун саны бүгүн 281ге жетти
