21:52 18 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.7305
  • EUR78.0284
  • RUB1.0839
Сүрөт

Апта ирмеми: КР сулуусунан тарта каз катар тизилген лөктөргө чейин

Кыскача шилтеме алуу
525 0 0
  • 14-ноябрда Бишкекте Кыргызстан сулуусу – 2018 сулуулук конкурсунун финалы болуп өттү. Иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги колдогон.
  • Конкурсту Жалал-Абаддан келген 21 жаштагы Элмара Буранбаева жеңип алды. Ага таажыдан тышкары Дүйнө сулуусу конкурсуна жолдомо берилди.
  • Калифорниянын түндүгүндөгү Парадайз шаарынын өрт чалган аймагы. Тилсиз жоодон 71 киши каза болуп, миңден ашык киши дайынсыз. Өрт 8-ноябрда башталган. Ал штаттын тарыхындагы эң ири өрт кырсыгы болуп калды. Учурда тилсиз жоо 59 миң гектарга жайылып, 6,47 миң курулуш жок болду.
  • Калифорниянын түндүгүндөгү Парадайз шаарынын чет жакасында алсыз жаткан лама
  • Кытайдын Хунцзэху дарыясында краб өстүргөн ферма
  • 12-ноябрга караган түнү Бишкекте калың кар жаап, аба ырайы кескин төмөндөп кеткен
  • Борбордук Азиядагы мигрант Мексиканын кан жолунда АКШга бара жаткан автоунааны токтотууга аракет кылып жатат
  • Солдон оңго карай: Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Марокконун падышасы Мохаммед VI, АКШ президенти Дональд Трамп, Германиянын канцлери Ангела Меркель, Франциянын президенти Эммануэль Макрон жубайы Брижит менен, Россиянын президенти Владимир Путин, Австралиянын генерал-губернатору Питер Косгроув. Биринчи Дүйнөлүк согуштун аякташынын урматына уюштурулган эскерүү салтанатында тартылган сүрөт.
  • Владимир Путин Елисей сарайындагы салтанатта (Париж, Франция)
  • Шанхайдагы төрт кошкон жолдун асмандан көрүнүшү
  • Газа секторунда Израилдин аскерлеринин ракеталык чабуулунан талкаланган имараттын ичиндеги жаштар
  • Донецк шаарындагы жатаканалардын биринин жанындагы жергиликтүү тургун
  • Россиялык гимнаст Дарья Спиридонова Москва облусундагы машыгуу борборунда
  • Көркөм муз тебүү боюнча россиялык спортчулар Тиффани Загорски менен Жонатан Гурейро Япониядагы мелдеш учурунда
  • Ардагерлердин күнүнүн урматына Нью-Йоркто уюштурулган парад
  • Таза суу үчүн бараткан кыз. Йемен, Ходейда шаары.
  • Бишкекте Fashion Week Kyrgyzstan 2018 мода жумалыгы өттү
  • Покемон-чоң ата деген лакап ат менен таанымал Тайвандын 70 жаштагы тургуну Чэнь Сан-Юань Pokemon Go оюнун велосипед тээп баратып, 12 смартфондо ойноду.
  • Рио-де-Жанейронун пляжындагы кыздар. Бразилия.
  • Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Германия канцлери Ангела Меркель мемориалдык такта ачуу салтанатында
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
14-ноябрда Бишкекте "Кыргызстан сулуусу – 2018" сулуулук конкурсунун финалы болуп өттү. Иш-чараны Маданият, маалымат жана туризм министрлиги колдогон.

Sputnik Кыргызстан агенттиги өткөн аптада өлкөдө жана дүйнөдө болгон кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн тартуулайт.

Японияда көркөм муз тебүү боюнча дүйнөлүк мелдеш өттү.

АКШнын Калифорния штатындагы өрт дагы деле күйүп жатат. Андан каза болгондордун саны 71ге жетти. Миңден ашык киши дайынсыз.

Бишкекте "Кыргызстан сулуусу" тандалды. Ошондой эле Fashion Week Kyrgyzstan-2018 мода жумалыгы өттү.

Парижде Биринчи дүйнөлүк согуштун аякташынын 100 жылдыгына карата иш-чара өттү.

Покемон-чоң ата деген лакап ат менен таанымал Тайвандын 70 жаштагы тургуну Чэнь Сан-Юань Pokemon Go оюнун велосипед тээп баратып, 12 смартфондо ойноду.

Тема боюнча

Кыргызстандын сулуусу кантип аныкталды? Сынактын видеосу
"Кыргыз кереметинин" кадр сыртында калган сүрөттөрү. Эч ким көрө элек ирмемдер
Белгилер:
мода, сынак, Өрт, конкурс, АКШ, Бишкек, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ