Алтын колдуу дарыгер... Какиш Рыскулованын сүрөттө калган элеси

Жазылуу
Борбордук Азияда аялдан чыккан биринчи хирург жана академик Какиш Рыскулова жашоо менен кош айтышты. Sputnik Кыргызстан алтын колдуу дарыгердин сүрөттө калган элестерин окурмандарга сунуштайт.

Кыргыз медицинасынын түптөөчүлөрүнүн бири болгон Какиш Рыскулова 1918-жылы 15-октябрда Канттын Четинди айылында дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган.

1938-жылы Фрунзедеги медициналык техникумду аяктаган соң Баткен жана Нарын облустарында иштеген. 1944-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. Алгачкы операциясын 25 жашында жасаган.

Борбордук Азияда аялдан чыккан биринчи хирург жана академик Какиш Рыскулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жүз жашка чыкты! Туңгуч аял хирург Какиш Рыскулова тууралуу 8 факты
1951-жылы ампутация учурунда кесилген нервдерди тазалап, алардын сезгичтигин калыбына келтирүү, кан тамырларды тигүү жана улаштыруу ыкмаларын өздөштүрүү тууралуу эмгеги менен кандидаттык диссертациясын жактайт. Муну менен Кыргызстан тарыхындагы медицина жаатындагы кандидаттык диссертациясын жактаган алгачкы аял хирург катары калды. 1967-жылы дүйнөлүк медицинадагы чоң ачылыш болгон "Аритмия жана венадагы кан тамырларды, нервдерди механикалык жол менен тигүүнүн артыкчылыгы" аттуу эмгегин бүтүп, доктордук диссертациясын жактайт. 1969-жылы Илимдер академиясынын академиги болот.

Какиш Рыскулованы акыркы сапарга узатуу зыйнаты 28-августта саат 10.00дө Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.

© Фото / из семейного архива Какиш РыскуловойКакиш Рыскулова бүт өмүрүн кыргыз медицинасына арнаган
Какиш Рыскулова бүт өмүрүн кыргыз медицинасына арнаган - Sputnik Кыргызстан
1/14
Какиш Рыскулова бүт өмүрүн кыргыз медицинасына арнаган
© Фото / из семейного архива Какиш РыскуловойРыскулова эмгек жолун 1938-жылы Баткенден баштаган
Рыскулова эмгек жолун 1938-жылы Баткенден баштаган - Sputnik Кыргызстан
2/14
Рыскулова эмгек жолун 1938-жылы Баткенден баштаган
© Фото / из семейного архива Какиш РыскуловойКакиш Рыскулова кыргыз медицинасы үчүн кызмат өтөгөн баалуу кадрларды тарбиялаган
Какиш Рыскулова кыргыз медицинасы үчүн кызмат өтөгөн баалуу кадрларды тарбиялаган - Sputnik Кыргызстан
3/14
Какиш Рыскулова кыргыз медицинасы үчүн кызмат өтөгөн баалуу кадрларды тарбиялаган
CC BY-SA 4.0 / Temikeev / Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин үч жолку депутаты, төраганын орун басары болуп кызмат өтөгөн
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин үч жолку депутаты, төраганын орун басары болуп кызмат өтөгөн - Sputnik Кыргызстан
4/14
Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин үч жолку депутаты, төраганын орун басары болуп кызмат өтөгөн
© Фото / из семейного архива Какиш РыскуловойРыскулованын шакирттеринин арасында атактуу хирургдар Акылбек Усупбаев, Сабырбек Жумабеков жана Рахатбек Оморовдор бар
Рыскулованын шакирттеринин арасында атактуу хирургдар Акылбек Усупбаев, Сабырбек Жумабеков жана Рахатбек Оморовдор бар - Sputnik Кыргызстан
5/14
Рыскулованын шакирттеринин арасында атактуу хирургдар Акылбек Усупбаев, Сабырбек Жумабеков жана Рахатбек Оморовдор бар
© Фото / из семейного архива Какиш РыскуловойРыскулова онкология, нейрохирургия, ортопедия, травматология, урология жана хирургия сыяктуу медициналык билимдер боюнча иштеген
Рыскулова онкология, нейрохирургия, ортопедия, травматология, урология жана хирургия сыяктуу медициналык билимдер боюнча иштеген - Sputnik Кыргызстан
6/14
Рыскулова онкология, нейрохирургия, ортопедия, травматология, урология жана хирургия сыяктуу медициналык билимдер боюнча иштеген
© Фото / из семейного архива Какиш РыскуловойКакиш Рыскулова эки жүздөн ашуун илимий иштердин автору
Какиш Рыскулова эки жүздөн ашуун илимий иштердин автору - Sputnik Кыргызстан
7/14
Какиш Рыскулова эки жүздөн ашуун илимий иштердин автору
© Фото / из семейного архива Какиш Рыскуловой1969-жылы Илимдер академиясынын академиги болгон
1969-жылы Илимдер академиясынын академиги болгон - Sputnik Кыргызстан
8/14
1969-жылы Илимдер академиясынын академиги болгон
© Фото / из семейного архива Какиш РыскуловойКакиш Рыскулова кесиптештери менен
Какиш Рыскулова кесиптештери менен - Sputnik Кыргызстан
9/14
Какиш Рыскулова кесиптештери менен
© Фото / из семейного архива Какиш РыскуловойАлтын колдуу дарыгер алдыбыздагы 15-октябрда жүз жашка чыкмак
Алтын колдуу дарыгер алдыбыздагы 15-октябрда жүз жашка чыкмак - Sputnik Кыргызстан
10/14
Алтын колдуу дарыгер алдыбыздагы 15-октябрда жүз жашка чыкмак
© Фото / из семейного архива Какиш РыскуловойАзыр Кыргызстандын медицинасы анын "Кандын уютуу системасы жана табигый гипоксияга карата адаптация", "Кыргызстандын медициналык географиясы" деп аталган илимий эмгектерин кеңири колдонуп келет
Азыр Кыргызстандын медицинасы анын Кандын уютуу системасы жана табигый гипоксияга карата адаптация, Кыргызстандын медициналык географиясы деп аталган илимий эмгектерин кеңири колдонуп келет - Sputnik Кыргызстан
11/14
Азыр Кыргызстандын медицинасы анын "Кандын уютуу системасы жана табигый гипоксияга карата адаптация", "Кыргызстандын медициналык географиясы" деп аталган илимий эмгектерин кеңири колдонуп келет
© Фото / из семейного архива Какиш РыскуловойКыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери "Даңк" жана "Манас" ордендери менен сыйланган
Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Даңк жана Манас ордендери менен сыйланган - Sputnik Кыргызстан
12/14
Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери "Даңк" жана "Манас" ордендери менен сыйланган
© Фото / из семейного архива Какиш РыскуловойКакиш Рыскулова кыргыз медицинасынын түптөөчүлөрүнүн бири эле...
Какиш Рыскулова кыргыз медицинасынын түптөөчүлөрүнүн бири эле... - Sputnik Кыргызстан
13/14
Какиш Рыскулова кыргыз медицинасынын түптөөчүлөрүнүн бири эле...
© Фото / из семейного архива Какиш РыскуловойБүт өмүрүн кесибине арнаган Рыскулованын эки кызы бар
Бүт өмүрүн кесибине арнаган Рыскулованын эки кызы бар - Sputnik Кыргызстан
14/14
Бүт өмүрүн кесибине арнаган Рыскулованын эки кызы бар
Жаңылыктар түрмөгү
0