16:15 25 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Сүрөт

Кыздарга дем берген Айсулуу Тыныбекова. Азия чемпионатындагы ирмемдер

Кыскача шилтеме алуу
Күрөш боюнча Азия чемпионаты-2018 (39)
81020
  • Кытай жана өзбек балбандары кармашууда. Эч ким килемге жеңилем деп чыкпайт
  • Мээрим Жуманарова индиялык Дивя Какран менен кармашып жатат
  • Жуманазарова атаандашын 12:6 эсебинде жеңип, Кыргызстандын атынан жалгыз коло байге тагынды
  • Айрымдар жеңилүү ызасын жүрөккө өтө жакын кабыл алып жатышты. Кантсе да кыздар да...
  • Чачты минтин тыкан өрүп же байлап албаса, кармашып жатканда бир топ эле тоскоолдук жаратса керек
  • Бийкечтер кармаш учурунда дагы ажарлуу
  • Азия чемпионатында индиялык балбандардын эркектерине караганда кыздары көбүрөөк натыйжа көрсөтүп жатты
  • Негизи атаандашка бутту карматпаганга аракет кылыш керек эле...
  • Айпери Медет кызы (76 кг) япониялык атаандашы Еунжу Хвангга туруштук берип жаткан кези. Тилекке каршы, коло байге атаандашына ооп кетти
  • Белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекова чемпионатка катыша албаса да, кыздарга дем-күч берип машыктыруучулукту аркалады
  • Кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Япония, Кытай жана Монголия алдына киши салдырган жок
  • Кармашканы бир ирмемде калган балбандар. Баса, Азия чемпионатын чагылдыруу үчүн башка өлкөдөн журналист келген жок
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кытай жана өзбек балбандары кармашууда. Эч ким килемге жеңилем деп чыкпайт

Кыз-келиндер арасындагы Азия чемпионаты 1-2 март күндөрү Бишкек шаарында өттү. Мелдеште медалдын 10 топтому ойнотулган.

КРдин курама командасынан Саяна Баязова (50 кг), Мадина Надырова (53 кг), Нураида Анаркулова (59 кг), Мээрим Жуманазарова (68 кг) жана Айпери Медет кызы (76 кг) күч сынашкан. Жыйынтыгында Жуманазарова гана коло байге ала алды.

Тема:
Күрөш боюнча Азия чемпионаты-2018 (39)

Тема боюнча

Эркин күрөш боюнча Азия чемпионаты башталды. Учурда эмне болуп жатат?
Жалгыз медаль! Мээрим Жуманазарованын атаандашын буттан алып жеңген видеосу
Белгилер:
Айсулуу Тыныбекова, Азия чемпионаты, балбан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ