07:45 05 Баш оона 2020
Түз эфир
  • USD76.9120
  • EUR90.7023
  • RUB1.0481
Сүрөт

Кыргыз тукумдуу мал кандай болорун билесизби? Кой-эчки, жылкы, топоз, уй

Кыскача шилтеме алуу
201010
  • Ала-тоо породасындагы ири мүйүздүү уйду Кара-Суу, Өзгөн, Сузак, Аксы, Жети-Өгүз, Түп райондорунда жана Чүй облусунун борбордук бөлүгүндө багуу сунушталат. Бул уйлар жакшы каралса бир саанда 4-4,5 литр сүт берет. Ошондой эле эт багытында дагы багылат.
  • Аулиеатин пародасындагы ири мүйүздүү уйлар Талас жана Чүй өрөөнүндө кеңири жайылган. Мындай уйлар сүт багытында багылат. Бир саан уй орто эсеп менен 4-4,5 литр сүт берет.
  • Абердин-ангус породасындагы ири мүйздүү уйларды көбүнчө Баткен жана Нарын облустарынан кездештирүүгө болот. Бул уйлар эт багытында багылат.
  • Кыргыз породасындагы топоздорду Ат-Башы, Кочкор, Алай, Кара-Кулжа, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң, Кадамжай, Беткен райондорунда өстүрүлөт. Топоздорду бугууда жем-чөп камдоо талап кылынбайт.
  • Кыргыз уяң жүндүү жана кыргыз тоо мериносу породасындагы койлор өлкө аймагынын бүт жеринде кармалат. Бийик тоолуу жайыттарга ылайыкталган, көп жүн жана эт берет.
  • Тяньшань жарым уяң жүндүү койлорду эт жана жүн багытында багышат. Тоолуу жайыттарда кармоого шартталган. Мындай түрдөгү койлор Нарын облусунда кеңири жайылган.
  • Алай породасындагы койлорду эт жана май алуу багытында өстүрөт. Ошондой эле жүнү сапаттуу кийиз жасоого ылайыкталган. Мындай койлор Алай жана Токтогул райондорунда кеңири багылат.
  • Көп төл берүүчү кыргыз койлорду Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облусунда багуу сунушталат. Бул жакшы төл берүүчү жана бат чоңойгон жаныбар. БУл малды териси кышкыга тон тиккенге ылайыкталган.
  • Кыргыз жүн багытындагы эчкилерди тоо-таштарда жана чөлдүү жайыттарда багууга болот. Мындай породадагы эчкилер эт жана сүт багытында өстүрүлөт.
  • Кыргыз тыбыттуу эчкилер көбүнчө Баткен районунда багылат.
  • Сүт багытындагы кыргыз эчкилерди Чүй жана Ысык-Көл облусунда багуу сунушталат.
  • Жаңы кыргыз породасындагы жылкы. Бул жылкыларды өлкөнүн бардык аймагында багууга болот.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Ала-тоо" породасындагы ири мүйүздүү уйду Кара-Суу, Өзгөн, Сузак, Аксы, Жети-Өгүз, Түп райондорунда жана Чүй облусунун борбордук бөлүгүндө багуу сунушталат. Бул уйлар жакшы каралса бир саанда 4-4,5 литр сүт берет. Ошондой эле эт багытында дагы багылат.

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик кызматында 1995-жылдан бери кыргыз тукумдуу малдын 18 түрү катталган. Бирок учурда үч гана тукумдун патенти жарактуу.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин Мал чарбачылыкты өнүктүрүү жана асыл тукум иштери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Сулайман Мамаев өлкөдө 12 түрдүү кыргыз тукумундагы мал бар экенин билдирди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Мамаев менен биргеликте фермаларга барып кыргыз тектүү мал-жандыкты сүрөткө тартып келди.

Тема боюнча

Саяпкер Кулданбаев: унутта калган чаар жылкыбыздын тукумун Америкадан таптык
Кыргызстандын эң чоң аргымагы. Миллион долларга берилбеген бир тонналык "Барон"
Белгилер:
эчки, жылкы, уй, кой, асыл тукум, мал

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ