16:25 24 Аяк оона 2017
Түз эфир
Сүрөт

Чер токойлордун сейрек сүрөттөрү. Токой чарбасына 70 жыл толду

Кыскача шилтеме алуу
Мирбек Сакенов
172 0 0
  • Ысык-көлдүк корукчулар 1988-жылы токойдогу карагайларды текшерип жүрөт
  • Союздук республикалардын токой чарба жетекчилеринин Кыргызстандагы жыйыны
  • Кыргызстандык корукчулар токой массивин текшерүү маалында
  • Москва шаарындагы парадда өткөн кыргызстандык токойчулар
  • Ысык-Көл мамлекеттик коругунун кызматкерлери канаттууларды санап жаткан учуру
  • Сары-Челек коругунда жаныбарлардын байырлаган жерин аныктоо иши
  • Киров атындагы токой чарбасынын кызматкерлери жаңгак токоюнда иш үстүндө
  • Токойчулар аттар менен бийик тоолуу аймакты тигилген балатыларды текшерүүгө кетип бара жатат
  • Ош облусундагы Ачи токой чарбасынын жаңгакты кайра иштетүүчү заводу
  • 1960-жылдары Сары-Челек жаратылыш коругун байырлаган жаныбарлар
  • Ысык-Көл коругунун директору Геннадий Деменчук алгыр куштары менен
© Sputnik / Рябоконь
Ысык-көлдүк корукчулар 1988-жылы токойдогу карагайларды текшерип жүрөт

Өлкөдөгү токойчулар кесиптик майрамын жыл сайын сентябрь айынын үчүнчү жекшембисинде белгилеп келишет

Открытие первого агентства центрального государственного архива в КР
© Фото / Центральный Государственный Архив Кинофотофонодокументов КР
Улуу Ата мекендик согуш маалында жана ага чейин токой массивдери отун катары пайдаланып, жапырт кыйылып, коргоого муктаж болуп келген. Мындан улам 1947-жылы өкмөттүн атайын токтому менен Токой чарба министрлиги түзүлөт. Мамлекеттик орган токойлордун сакталышын көзөмөлдөп, алардын массалык кыйылып жок болуп кетүүсүнө бөгөт кое баштаган. Мекеменин биринчи жетекчиси болуп Садык Абдыманапов дайындалып, аймактарда токой өстүрүү иши жолго коюлуп, бир нече питомниктер негизделген.

Алгачкы он жыл ичинде 20дай токой чарбасы, 70тей токойчулук, 300дөй корук түзүлүп, тиешелүү адистерди даярдоо аракеттери жүргүзүлгөн.

Учурда бул милдетти Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги аткарып, ага 42 токой чарбасы, сегиз өз алдынча токойчулук, 12 мамлекеттик жаратылыш паркы, он мамлекеттик корук, Ысык-Көл биосфералык аймагынын дирекциясы карайт.

Тема боюнча

Көрбөгөн адам арманда! Кыргыз тоолорундагы ак илбирс, сүлөсүн жана сейрек куштар
Нарын облусундагы жерлер такталып картага түшүрүлүп жатат
Белгилер:
архив, токой, Сүрөт, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ