23:52 19 Жетинин айы 2017
Түз эфир
Сүрөт

Апта ирмеми: мөрөйдү алдырган Усейнден тарта Трамптын кызынын күлкүсүнө чейин

Кыскача шилтеме алуу
323 0 0
  • Россиянын Ярослав облусундагы Левцово аэродромунда саякатчылардын ТехноTravel фестивалы өттү
  • Никарагуада өткөн диний майрам учурунда бетин мотор майы менен чийип алган өспүрүм кыз
  • Боснияда дайверлердин жыл сайын өтүүчү мелдеши болду. Анда турнирдин катышуучулары 25 метрлик бийиктиктен Неревта дарыясына секиришет
  • Рим папасы Франциск менен селфи. Ватикан
  • Индонезияда Маунт Синабунг жанар тоосу атылды
  • Пляж футболу боюнча Евролиганын үчүнчү этабынын алкагында Россия менен Белоруссиянын командалары беттешти. Сүрөттө тыныгуу учуру
  • Атактуу жөө күлүк Усейн Болт 100 метрлик аралыкка чуркоодо Жастин Гэтлин менен Кристиан Коулманга жеңилип калды. 30 жаштагы атлет 2017-жылы боло турчу дүйнө чемпионатынан кийин карьерасын жыйынтыктай турганын билдирди
  • Сочинин Олимпиада паркындагы фейерверк
  • Ак үйдүн кеңешчиси Иванка Трамп. Вашингтондогу жолугушуулардын биринде
  • Германиядагы зоопарктагы зебралар
  • Индиядагы ысыктан кишилер колунан келишинче коргонууда
  • Сноубордчу Юлия Бояринцева Енисей дарыясында йога жасады
  • Кытайдын батышындагы нөшөрдөн ондогон киши каза болуп, төртөө дайынсыз. 196 киши түрдүү жаракаттарды алды. Сүрөттө нөшөр келтирген чыгым
  • Гонконгдогу көбүк шарларынын шоусу
  • Россиянын президенти Владимир Путин кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыгып, аны Тывадагы тоо көлдөрүнүн биринде өткөрдү
  • Хорватиядагы суу алдындагы парк
  • Дубайда 79 кабаттуу Torch Tower имаратында өрт чыкты. Тилсиз жоо көп чыгым алып келбестен тез эле өчүрүлгөн. Белгилей кетсек, аталган имаратта 2015-жылы дагы өрт чыккан
  • Россияда аскер-деңиз флотунун күнү белгиленди
  • Омск шаарындагы жаш адистерди даярдоо борборунда аба-десант аскерлеринин күнү майрамдалды
© Sputnik / Олег Смыслов
Россиянын Ярослав облусундагы Левцово аэродромунда саякатчылардын ТехноTravel фестивалы өттү

Sputnik Кыргызстан артта калган аптада дүйнө жүзүндө жана өлкөдө болуп өткөн эң маанилүү жана кызыктуу окуялардын сүрөт түрмөгүн сунуштайт

Жекшемби күнү болгон мелдеште жөө күлүк Усейн Болт 100 метрлик аралыкка чуркоодо атаандаштарына алдырып койду. Бул мелдеш Болттун карьерасындагы акыркы жарыш болчу.

Россиянын президенти Владимир Путин кыска мөөнөткө эмгек өргүүсүнө чыгып, аны Тывадагы тоо көлдөрүнүн биринде өткөрдү.

Дубайда 79 кабаттуу Torch Tower имаратында өрт чыкты. Тилсиз жоо көп чыгым алып келбестен тез эле өчүрүлгөн. Белгилей кетсек, аталган имаратта 2015-жылы дагы өрт чыккан.

Тема боюнча

Апта ирмеми: бийге түшкөн апалардан чачташкан кыздарга чейин
Белгилер:
эмгек өргүү, Усейн Болт, Иванка Трамп, Владимир Путин, Дубай
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ