09:03 16 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.3282
  • EUR79.4315
  • RUB1.0969
  • Беш күн ичинде он мамлекеттен келген мушкерлер күч сынашты
  • Беттеш башталар алдындагы калыстар
  • Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирдин финалдык беттеши 7-февралда өттү
  • Бокстагы уй сүзүш
  • Мушкерлердин соккуларына туруштук берүү оор
  • Брэйк
  • Машыктуруучулар кандай соккуларды жасап, кантип чабуулга өтүүнү айтышууда
  • Беттеш учурунда
  • Калыстардын башкы милдети ар бир соккуга көз салып туруу
  • Убакыт...
  • Машыктыруучулар дагы тынчсызданып, кандай сокку кылуу керектигин көрсөтүшүүдө
  • Мушкерлер чарчаганда
  • Бокста коргонуу да эң маанилүү
  • Кыргызстандык мушкерлер беш алтын, эки күмүш медаль утушту
  • Россияны командасы экинчи орунду ээледи
  • Жеңишке жеткендер баалуу сыйлыктар жана медалдар менен сыйланды
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Беш күн ичинде он мамлекеттен келген мушкерлер күч сынашты

Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык турнирдин дүйшөмбү күнү финалдык беттеши өттү.

39-ирет уюштурулуп жаткан мелдешке Кыргызстан, Россия, Азербайжан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Казакстан, Тажикстан, Кытай, Таиланд, Филиппиндер жана Монголиядан 136 мушкер катышты. 

Мелдештин жыйынтыгында кыргызстандык мушкерлер — Турат Осмонов, Азат Үсөналиев, Өмүрбек Малабеков, Эрмек Сакенов жана Сергей Паренко алтын медалга татышса, Бек Камчыбеков менен Ыктыяр Шабданбаев күмүш медаль тагынды.

Бекболотовдун айтымында, жалпы командалык эсепте Кыргызстан биринчи, Россия экинчи ал эми үчүнчү орунду Өзбекстан ээлеген. 

Тема боюнча

Бишкекте бокс боюнча өткөн турнирде кыргызстандыктар 5 алтын жана 2 күмүшкө татыды
Кыргызстандын бокс боюнча чемпионатында кыздар эси оогончо бири-бири менен кармашты
Белгилер:
турнир, бокс, Монголия, Филиппиндер, Таиланд, Кытай, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Россия, Кыргызстан, Бишкек
Колдонуу эрежелериПикирлер

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ