21:20 22 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7407
  • EUR77.2797
  • RUB1.1279
Сүрөт

Бекем кучактап, беттен сүйүп. Леонид Ильич Брежневдин сүрөттөрү

Кыскача шилтеме алуу
СССРсиз чейрек кылым (13)
325 0 0
  • Өбүшүп жаткан Леонид Брежнев жана Эрик Хонеккер (ГДР башчысы).Россиялык сүрөтчү Дмитрий Врубелдин эмгеги
  • КПСС БКнын башкы катчысы  Леонид Брежнев Куба президенти Фидель Кастрону кучактап, учурашууда
  • Брежнев Югославия лидери Иосип  Броз Титонун жубайы  Йованка Броздун  бетинен сүйүп жатат
  • СССР башчысы Болгариянын өкмөттүк-партиялык жетекчиси  Тодор  Живков менен өбүшүп учурашууда
  • Венгер социалисттик жумушчулар партиясынын БКсынын биринчи  катчысы Янош Кадардын советтик партиялык-өкмөттүк делегацияны  тосуп алып жаткан учуру
  • Брежнев Чехословакия  компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы  Густав  Гусакты Внуково  аэропортунан тосуп алууда
  • Советтик лидер Куба Республикасынын лидери  Освальдо Дортикос Торрадону тосуп алганда көрүшүп жаткан учуру
  • Леонид Брежнев Мозамбик президенти Самора  Мойзес Машелди Кремлдеги сыйлыгынан кийин куттуктап жатканы
  • Леонид Ильич Брежнев Германиянын Социалисттик бирдиктүү  партиясынын  биринчи катчысы Эрих Хоннекер менен Берлинде  жолугууда
  • КПСС БКнын башкы катчысы  Леонид Брежнев София шаарынын кичинекей тургуну – бөбөктү көтөрүп турат
© Sputnik / Борис Бабанов
Өбүшүп жаткан Леонид Брежнев жана Эрик Хонеккер (ГДР башчысы). Россиялык сүрөтчү Дмитрий Врубелдин эмгеги

КПСС БКнын башкы катчысы Леонид Брежнев 109 жыл мурда 1906-жылдын 19-декабрында Каменск Екатеринославская губерниясында жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган.

Ал Советтер Союзун 18 жыл башкарыптыр, бул 1964-1982-жылдын аралыгы эле. 2013-жылдагы жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжасында, Леонид Ильич Брежнев СССРдин XX кылымындагы мыкты жетекчи деп табылыптыр.

Брежневдин бийлиги учурунда советтик-америкалык мамилелердин тарыхында АКШ президенти Ричард Никсон Москвага расмий сапар менен келген. Ал учурда СССР менен АКШ ортосунда өзөктүк согуш менен жарыша куралдануу токтотуу боюнча макулдашууга, Ракетага каршы коргонууну чектөө боюнча келишимге, Стратегиялык кол салуучу куралдарды чектөө жана стратегиялык куралдарды кыскартуу боюнча документтерге кол коюлган. 

Леонид Ильич Улуу Ата мекендик согуштун ардагери эле, ал согуштун бүткүл аймагын басып өтүп, 1945-жылдагы Улуу Жеңиштин парадынына катышкан. Бул адам — Социалисттик эмгектин Баатыры жана Советтер Союзунун трөт жылкы Баатыры наамына татыган. Брежневдин советтик жана чет элдик 117 сыйлыктары болгон. 

Жөнөкөй жашоочулар болобу, чет элдик мамлекеттердин жетекчиси же дүйнөлүк саясий лидерлер болобу кабыл алып, жолукканда кучактап, өбүшүп учурашканы үчүн эл арасында аны "урматтуу Леонид Ильич" деп аташа турган.

Тема:
СССРсиз чейрек кылым (13)

Тема боюнча

Иманкулов: СССРдин архитектурасы— маданияттын пайдубалы, аны байкабай калуу мүмкүн эмес
Белгилер:
жолугушуу, Леонид Брежнев, СССР

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ