02:47 22 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Сүрөт

Кыргызстан курама командасынын үч беттешинин эң өзгөчө күйөрмандары

Кыскача шилтеме алуу
28710
  • Азиянын учурдагы чемпиону Австралия курама командасы менен болгон беттеш. Трибунада бут коерго жер жок. Эсеп 1:2 болгонуна карабастан күйөрмандар өз футболчуларын сүрөөнгө алып турушту
  • 16-июнда болгон беттеште өз командасын колдоо үчүн Австралиядан бери келген күйөрмандар
  • Кыргызстандын курама командасы 8-октябрда Тажикстандын командасы менен беттешип, 2:2 эсебинде тең чыгышты
  • Тамашоучулар дагы Кыргызстандын командасын колдоо үчүн келишти
  • Тажикстандын дарбазасына кирген биринчи гол учуру. Желекти асмандата көтөргөн күйөрмандар
  • Күйөрмандар өз командасын колдоо үчүн беттерин боетууга да даяр
  • Кыргызстан – Тажикстан беттешин көрүүгө 17 миң күйөрман келди
  • Күйөрмандан Кыргызстан – Бангладеш оюнунун башталар алдында
  • Күйөрмандар улуттук командадан бир гана жеңишти күтүп жатышты
  • Запастагы Бангладештин оюнчусу да өз командасын сүрөөнгө алып, кыйкырып жаткан убагы
  • Эң жактырган команданын желектерин да алып келүү күйөрмандар үчүн кадимки эле көрүнүш. Кыргызстан – Бангладеш беттешинде колуна түрктөрдүн Фенербахче клубунун шарфын кармаган күйөрман
  • Оюнчуларга дем берген сүйөрмандар Кыргызстан, алга! деп кыйкырып жатышат
  • Күйөрмандар беттерине желектин элесин тартып келип, команданы колдоп жатышты
  • Беттешке кыз жигиттер да келди. Жигиттин сүйүнүчүндө чек жок
  • Кыргызстанда да футболдун күйөрмандары көп...
  • Көптөн күткөн гооооол, колун жайып сүйүнүчү койнуна батпай турган күйөрман
  • Футболго бир гана эркектер кызыгат деген калп, кыздар да алардан кем калышпайт
  • Келечектеги таанымал футболчунун апасы. Футболду көрүүгө түрдүү күйөрмандар келишти
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Азиянын учурдагы чемпиону Австралия курама командасы менен болгон беттеш. Трибунада бут коерго жер жок. Эсеп 1:2 болгонуна карабастан күйөрмандар өз футболчуларын сүрөөнгө алып турушту

Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарында Кыргызстан "В" тайпасына туш келди. Анын атаандаштары Австралия, Иордания, Тажикстан жана Бангладеш болду.

Тандоо оюндары жазында башталган. Кыргызстандын курама командасы өз үйүндө үч жолу беттешсе, атаандаштырынын үйүндө эки жолу беттеш өткөрдү.

Бишкекте болгон беттештерде стадион күйөрмандарга жык толду. Автралия менен болгон беттеште 18 миң күйөрман бата турчу стадиондо бут коерго жер калбай, күйөрмандар дубалдардан ашып түшүп футбол көргөн. Мындай баш аламандык үчүн ФИФА Кыргызстандын футбол федерациясына айып пул салган. Тажикстан менен болгон оюнду 17 600 киши көрсө, Бангладеш менен болгон беттешти 12 миңден ашык киши көрдү.

Кыргызстан Австралия менен Бишкекте беттешип, оюн 1:2 эсебинде австралиялыктардын пайдасына чечилген. Тажикстан менен 2:2 болуп тең чыкса, Бангладешти 2:0 эсебинде утуп алды. Ал эми атаандаш командалардын үйүнө барып ойногондо Бангладешти 1:3 эсебинде утса, иорданиялыктар менен 0:0 эсебинде тең чыккан.

Беш оюндун жыйынтыгы менен Иордания 13 упай топтоп алдыда. Экинчи орунда австралиялыктар тогуз упай менен, Кыргызстан сегиз упай менен үчүнчү. Тажикстан 2 упай менен төртүнчү болсо, акыркы орунга Бангладеш бир упай менен татыктуу болду.

Тема боюнча

Кыргызстан — Бангладеш беттеши. Жеңиштин шаңы
Кыргызстандын курама командасы Бангладешти утуп алды
Белгилер:
күйөрман, футбол, Бангладеш, Австралия, Тажикстан, Кыргызстан

Дагы сүрөт түрмөктөрү

ЭҢ МААНИЛҮҮ