Сомдун наркы күзүндө арзандайбы?

© Sputnik / Табылды КадырбековАКШ доллары жана 1000 сом. Архив
АКШ доллары жана 1000 сом. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда доллардын наркы кайра өсүп келе жатат. Америка валютасынын андан ары көтөрүлүшүнө негиз барбы же ал кайра арзандайбы? Sputnik Кыргызстан агенттиги билип көрдү.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Июлдун аягынан тартып доллардын Улуттук банк белгилеген расмий курсу бир жарым сомго көтөрүлүп, шаршемби күнү 68,72 сомду түздү. Акча алмаштыруу жайларында долларды 68,75 сомдон алып, 68,93 сомдон сатып жатышат.

Sputnik Кыргызстан редакциясы эксперттер доллардын курсун кандайча болжоп жатканына кызыгып көрдү.

Күркүрөгөн күз

Акыркы жылдары доллардын куну күз мезгилинде жогорулап кетиши салтка айланды.

Жогорку Нарын каскадынын жумушчусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Нарын каскадын куруу боюнча Россия менен түзүлгөн келишим жокко чыгарылды
Мисалы, былтыр күзүндө анын расмий курсу 10 сомго кымбаттап, 75,09 сомго жеткен. Ал эми акча алмаштыруу жайларында 77 сомду чапчып барып токтогон.

2014-жылы сентябрдан ноябрга чейин доллар 4,6 сомго кымбаттап, 30-ноябрда 57,6 сомго жеткен.

Ал эми андан бир жыл мурун, 2013-жылы курс өйдө-төмөн болуп, бирок көбүнчө жогорулап отурган. Күзүндө да ошол эле көрүнүш уланып, алсак 13-сентябрда курс жыл ичиндеги эң жогорку чеги — 49,4 сомдук чекке жеткен. 

Сом үчүн канча доллар сатылды? 

Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн интервенция аркылуу аракеттерди көрүп келет. Башкача айтканда, доллар ички рынокто сатылып, анын аркасы менен сом дароо арзандап кетпей, аз-маз кармалып турат.

Былтыр күзүндө 114,5 миллион доллар сатылган. 2014-жылдын күзүндө 193 миллион сатылып, ал эми 2013-жылы интервенция болгон эмес. 

Кымбаттоонун себеби

Эксперт Иван Акулиничевдин айтымында, чет элдик валютанын наркы салт катары күз мезгилинде өсөт. 

"Болжол менен марттан августка чейин курс, тескерисинче, төмөндөйт. Себеби өлкөгө акчанын агымы, мисалы, туризмдин эсебинен келет", — деп түшүндүрдү ал.

Экономика илимдеринин кандидаты Гурас Жапаровдун айтымында, күзүндө импорт күч алып, кышкы товарлар сатылат. Бул өлкөдө доллардын азайышына, мындан улам анын кымбатташына алып келет. 

Эксперттер ушул жылкы күз да ошондой эле болуп, доллар өсөт деп божомолдогону менен баасына келгенде кайчы пикир айтышты.

Доллар 75-76 сомго жетиши мүмкүн

Пенсионер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Октябрдан тарта Кыргызстанда пенсия 611 сомго көбөйөт
Акулиничев доллар АКШда жумушсуздуктун кыскарышына, ошондой эле эмгек акысынын жогорулашына байланыштуу азыртан эле өсүп жатат деп белгиледи. Башка себеби — мунайды экспортточулар өндүрүштү кыскартуудан баш тартып, рынокто көмүр кычкылтектердин ашык кору пайда болот. 

"Дагы бир себеби бар. Шайлоо алдында ар бир эле өлкөдө улуттук валютанын курсу төмөндөйт, АКШ да мындан куру эмес. Андыктан Кошмо Штаттарда валютанын шайлоо алдында түшүп кетишин жеңилдетүү үчүн аны алдын ала бекемдөөгө аракет кылышат. Менимче, сентябрда ФРС эсептик наркты, башкача айтканда, карызга алынчу каражаттардын наркын көтөрөт. Бул валютанын кымбатташына алып келет. Бизде доллардын кышкы көрсөткүчү 75-76 сомго жетет. Бирок ноябрда ал 71-72 сомго чейин түшөт", — деп болжойт Акулиничев.

Жыл башынан бери сомдун башка валюталарга болгон курсу кандай өзгөргөнүн Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан көрө аласыздар>>

Өсүш болот, бирок анча чоң эмес

Жапаров эскерткендей, күзүндө адаттагыдай эле импорт өсүп, долларга болгон суроо-талап да жогорулайт. 

"Бирок бул негизги фактор эмес. Буга мунайдын баасы олуттуу таасир тийгизет. Доллар бир канча пайызга жогорулап, бирок 70 сомдон ашпайт. 77 сомго чейинки өсүш күтүлбөйт, себеби рынокто мындай окуя мурун болгон, анын кайталанышына жол бербей турган ыкмалар бар", — деди Жапаров.

Америка долларынын курсун атайылап көтөрүшөт деген Акулиничевдин айтканына кошулуп, Жапаров АКШ президенттеринин биринин: "доллар арзан болсо, Америка бай болот" деген сөзүн кайталады.

Мамлекет менен Улуттук банктын чаралары

Монеталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финансы министрлиги эмки жылдын бюджеттик долбоорун эки күндөн кийин сунуштайт
Шейшемби күнү Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов президент Алмазбек Атамбаевге өлкөнүн валюталык рыногундагы абал туурасында мааалымат берди. Анын айтымында, каржылык жөнгө салуучу акча алмаштыруу курсунун кескин өзгөрүүлөрүн жеңилдетүү жана валюталык рынокто кырдаалды жөнгө салуу үчүн колдо бар бардык ыкмаларды пайдаланып жатат. 

Атамбаев Улуттук банк республиканын валюталык рыногундагы абалга кылдат көз салып, улуттук валютанын туруктуулугун сактап калуу үчүн өз убагында чара көрүшү керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0