01:30 05 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7102
  • EUR100.3901
  • RUB1.1638
Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
20 0 0

Өзгөртүүлөрдүн цивилизациялуу жолдору артык, бирок тамыр жайып алып, эч өзгөрүүнү каалабаган бийлик менен системанын өзү башка бир ыкмаларды талап кылат деп эсептейт грузин серепчиси.

БИШКЕК, 8 апр. — Sputnik. Кыргызстанда апрель ыңкылабынан кийин оң жылыштар бар экендигин байкоого болот, бирок демократиялаштыруу процесси бир күндө, ал турсун, бир нече жылда ишке аша койчу нерсе эмес дейт Sputnik кабарчысы менен болгон сөзүндө Грузиянын Аймактык коопсуздук институтунун директору Александр Русецкий.

2010-жылдын апрелинде республикада бийлик экинчи жолу алмашылган. Укук коргоо органдары менен кагылышуулардын натыйжасында 7-апрель күнү 77 каза таап, 400дөн ашыгы жарадар болгон.

Эксперттин айтымында, бүгүнкү Кыргызстанда оң жылыштарды белгилөөгө болот, бирок демократиялаштыруу процесси — бир күндө, ал турсун, бир нече жылда ишке аша койчу нерсе эместигин эске алуу керек.

"Жумшак "баркыт" ыңкылаптар да баары бир коопсуздук үчүн зор көйөйлөрдү жаратат. Коом бөлүнүп-жарылып кетери шексиз жана элдер өлүм коркунучуна гана эмес, психологиялык кысым жана зомбулукка да дуушар болот", — дейт Русецкий.

Саясат таануучу өзгөртүүлөрдүн цивилизацилуу жолдору артык, бирок тамыр жайып алып, эч өзгөрүүнү каалабаган бийлик менен системанын өзү башка бир ыкмаларды талап кылат деп эсептейт. Ошондуктан ыңкылап аркылуу жасалган өзгөртүүлөр жаман деп бир жактуу айтууга болбойт. Баары кийинчерээк мезгилдин өтүшү менен жана тарыхта бааланат.

Ыңкылаптык мүнөздөгү окуяларга түрткү берүү жана пландоо жөнүндө айтып жатып, коомдо тиги же бул көйгөйлөр бар болсо, андан өзүнө пайда табуу аракетин жасай турган сырткы күчтөр дайыма табылат дейт талдоочу.

Русецкийдин пикиринде, бардык мурдагы союздук өлкөлөрдө толкундоолор кайталанышына шарттар азыркыга чейин сакталып калган.

"Ыңкылап аркылуу келген бийликтин легитимдүүлүк деңгээли туруктуу саясий системаны өнүктүрүү үчүн жетишсиз. Легитимдүүлүк бийликтин юридикалык гана жактан тууралыгын эмес, анда ар түрдүү саясий көз караштардын болушун жана алар саясий чечимдерди кабыл алууда катышуусун, ошондой эле психологиялык бөлүгү болуп эсептелген ишенимдин болушун билдирет", — деп баса белгиледи эксперт.

Институттун директору мурдагы союздук мамлекеттердин аймагында мындай саясий системалар жокко эсе деп түшүндүрдү. Бул кыйроо абалына келген бир тууган Украинадагы абалдан көрүнүп турат.

"Саясий лидерлер, жарандар жеке аң-сезимдик жактан башка деңгээлге көтөрүлүп, болуп жаткан окуялар үчүн тарых алдында жоопкерчиликти сезүүлөрү зарыл", — деп кошумчалады Русецкий.

Саясий диалог маданиятын, ички байланышты түзүүнү жана саясий кеңешүүлөрдү жүргүзүүнү үйрөнүш керек деп сөзүн жыйынтыктады эксперт.

Белгилер:
Кыргызстан, Александр Русецкий, Апрель окуялары

ЭҢ МААНИЛҮҮ