02:28 16 Тогуздун айы 2018
Түз эфир
  • USD69.1798
  • EUR80.0687
  • RUB1.0522
Душанбе шаары. Архив

Душанбеде кол салууда ИИМ менен Коргоо министринин 33 кызматкери окко учту

© Sputnik / Ратушенко
Жаңылыктар
Кыскача шилтеме алуу
156 0 0

Тажикстанда жума күнү өлкөнүн ИИМ жана Коргоо министрлигинин кызматкерлерине эки жолу кол салуу болду. Анын кесепетинен, күч түзүмдөрүнүн 33 кызматкери жана кол салган топтун тогуз кишиси өлгөн.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Душанбеде кол салуу учурунда Тажикстандын ИИМ жана Коргоо министрлигинин 33 кызматкери жана мурдагы министрдин орун басарынын жактоочуларынан турган топтун тогуз кишиси өлгөнү жөнүндө жума күнү Коргоо министрлигиндеги маалымат булагы билдирген. 

Мурдараак Тажикстандын ИИМ Душанбе жана Вахдат шаарларында эки кол салуу болуп, 17 кызматкери каза тапканын кабарлаган. ИИМдин маалыматына ылайык, кол салууну коргоо министринин мурдагы орун басары, "кылмыш иштери" үчүн президент тарабынан бир жума мурун кызматтан алынган Абдухалим Назарзода башкарган. 

Ошол эле маалыматка жараша, Назарзода жана коргоо министрлигинин десанттык-чабуулчулар бригадасынын ага кошулган 135 жоокери Душамбенин чыгыш тарабында 45 чакырым аралыктагы Ромит капчыгайында жайгашкан. 

Белгилер:
кол салуу, Тажикстан, Душанбе
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ