Муфтият абак жайларга зыярат кылып, сабырдуулукка, жакшылыкка үндөп жатат

© Sputnik / Иван Руднев / Медиабанкка өтүүАбактын темир тору. Архив
Абактын темир тору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы абак жайларында отургандарга Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын кызматкерлери зыярат жасап, ыймандуулукка, мекенди сүйүүгө, сабырдуулукка, адеп-ахлакка үндөшүүдө.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Чүй облусунун аймагында жана Бишкек шаарынын тегерегинде жайгашкан 11 абакта жаза мөөнөтүн өтөп жаткандарга муфтият кызматкерлери барып, ыймандуулукка, мекенди сүйүүгө, сабырдуулукка үндөп, дарс окуп жатышат. 

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Даават үгүт, насаат бөлүмүнүн кызматкери Жолдошбек Абдылдаев быйыл Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы аталган башкармалыктын ортосунда келишим түзүлүп, атайын иш-пландын алкагында иш алып барып жаткандыгын билдирди.

"Абактарга зыярат кыла турган 27 адамдын тизмеси бекитилди. Быйыл расмий иш-план менен иштеп жатабыз, негизинен Бишкек, Чүй аймагындагы абактарды камтыйбыз", — деди Абдылдаев.

Муфтияттын кызматкерлеринен, Ислам институтунун мугалимдеринен жана жергиликтүү имамдардан турган топ аталган абактарга аптанын беш күнү зыярат кылышууда.

"Аларга дарс окуу менен бирге муфтият тарабынан уруксат берилген китептерди таратабыз, кээде алар өздөрү сураган китептерди ылайыгы келсе алып беребиз. Шарты келип калса, материалдык жардамдарды көрсөтүп турабыз", — деди Абдылдаев.

Абдылдаев муфтият Жалал-Абад, Нарын, Каракол аймактарындагы абак жайларында бул багытта иш-алып барууну пландап жаткандыгын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0