23:52 26 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.4100
  • EUR99.5152
  • RUB1.1392
Жаңылыктар
Кыскача шилтеме алуу
Алмамбет Анапияевдин өлүмү (19)
13010

Белоруссиянын башкы прокуратурасы Минск шаарында автонуаанын багажынан табылган кишини өлүгү боюнча кылмыш ишин козгоду.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Белоруссиянын башкы прокурору Александр Конюк 18-февралда Минск шаарынын Либкнехт көчөсүнөн "Мерседес" үлгүсүндөгү машинадан табылган адамдын сөөгү боюнча иш иликтенип жатканын билдирди.

Анын айтымында, бул факты боюнча Белоруссиянын Кылмыш жаза кодексинин 139-беренесинин 1-бөлүмү боюнча кылмыш иши козголду.

"Тергөөнүн купуялыгы үчүн кээ бир маалыматтар айтылбайт. Автоунаанын багажынан адамдын сөөгү табылганы чындык. Мындан ашыкча, азырынча эч кандай маалымат айта албайм. ЖМКга чыгып кеткен кээ бир маалыматтар тергөөнүн жүрүшүнө тоскоолдук кылышы мүмкүн", — деди ал.

Конюк ошондой эле, эгер кошумча маалыматтар болсо жашырбай турганын кошумчалады.

Минск шаарынан криминалдык авторитет Алмамбет Анапияевди өлтүрүп кетишти деген маалыматтар 19-февраль күнү кечинде жергиликтүү ЖМКларга чыккан. Белоруссиянын укук коргоо органдары Либкнехт көчөсүнөн "Мерседес" үлгүсүндөгү автоунаанын багажынан адамдын сөөгү табылганын билдиришкен. Өлүктүн жанынан Шакиров Алмазбек Мийзамович деген жаранга берилген Россиянын паспорту табылган. Паспорттогу сүрөт кыргызстандык криминалдык авторитет Алмамбет Анапияевге таандык. 

Тема:
Алмамбет Анапияевдин өлүмү (19)
Белгилер:
прокуратура, криминал, Алмамбет Анапияев, Александр Конюк

ЭҢ МААНИЛҮҮ