Салянова: өлүм алдындагы кат жазууга да мажбур болдум

Жазылуу
Мурдагы Башкы прокурор Аида Салянова кызматтан кеткенден кийин ага карата коркутуулар болгондуктан, жаман айтпай жакшы жок деген маанайда кат жазып, катып коюуга мажбур болгонун маалымат жыйында билдирди.

БИШКЕК, 11-фев — Sputnik. Өз ыктыяры менен кызматтан кеткен мурдагы башкы прокурор Аида Салянова бүгүн берген маалымат жыйында өзүнүн жана жакындарынын өмүрүнө коркунуч бар экенин билдирди.

"Менин жана жакындарымдын өмүрүнө коркунуч бар. Бир канча күн мурун мага берилген мамлекеттик кайтаруу да алынып салынды. Азыр өз күчүм менен коргонууга туура келүүдө. Мени моралдык принциптеримен чыгууга мажбурлабашына чакырам. Мен кокус бир нерсе болуп кетсе, деп өлүм алдындагы катты жазып, аны бекем жерге сактоого да туура келди", — деди ал.

Состоялась церемония открытия нового здания Генеральной прокуратуры - Sputnik Кыргызстан
Салянова: президент мени коргой алган жок, же аны каалаган жок
Салянованы кызматтан кетет деген маалымат өткөн жылдын аягында эле чыга баштаган. Бирок, президент Алмазбек Атамбаев жыл жыйынтыгы боюнча берген маалымат жыйынында "башкы прокурордун кызматтан кетет" деген маалыматты төгүндөп, ал эмгек өргүүсүнө чыкканын билдирген болчу.

20-январда Салянова кызматтан кетүү тууралуу арызын берген. 22-январда ал расмий түрдө кызматтан кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0