Греция парламенти президенттик шайлоо болбой калгандыктан таркатылат

© Sputnik / Владимир Родионов / Медиабанкка өтүүВид на Афины с высоты Акрополя
Вид на Афины с высоты Акрополя - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттик орунга жалгыз талапкер айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мурдагы Еврокомиссары Ставрос Димас болчу. Ал өлкө башчылыгына шайлануу үчүн үчүнчү турда 300 добуштан 180 добуш алышы керек эле.

БИШКЕК, 30-дек — Sputnik. Грециянын парламенти шайлоонун үч турунда республиканын президентин шайлай алган жок деп билдирет РИА Новости.

Президенттик орунга жалгыз талапкер айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мурдагы Еврокомиссары Ставрос Димас болчу. Ал өлкө башчылыгына шайлануу үчүн үчүнчү турда 300 добуштан 180 добуш алуусу керек эле. 

Шайлоого 300 депутат катышкан. 

Эми Греция мөөнөтүнөн парламенттик шайлоо өткөрүү алдында турат. Азыркы президент Каролос Папульяс 10 күн ичинде парламентти таркатуу жөнүндө жарлыкка кол коюп, шайлоо өткөрүү күнүн белгилейт. Ал 2015-жылдын 25-январынан тартып 8-февралына чейин өтүшү керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0