Үстүбүздөгү жылдын 29-майында Кыргызстан мусулмандарынын муфтийин шайлоо өтөт. Кызматка алты талапкер ат салышууда. Муфтий, Аалымдар кеңешинин мүчөлөрү жана Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Курултайда аймактан келген делегаттар тарабынан бекитилет.