09:05 24 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6481
  • EUR101.0106
  • RUB1.1649
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
265 0 0

Россиянын аймагында жүрүүсүн мыйзамдаштырбаган чет өлкөлүктөрдү чыгарууга мораторий келерки айдын ортосунда аяктайт. Тийиштүү документтерди тапшырууда Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар кандай кыйынчылыктарга тушугат?

Sputnik. Данара Курманова, Никита Чикунов

Мигранттар үчүн "ковиддик мунапыстын" бүтөрүнө саналуу күндөр калды. Россия бийлиги РФ аймагында мыйзамсыз жүргөн КМШ өлкөлөрүнүн жарандарына өлкөдөн чыгарууга пандемиядан улам киргизилген мунапыс алкагында 15-июнга дейре мыйзамдаштырууга тийиш экенин эскертет. Антпесе, алар депортацияланат.

Мыйзамсыз мигранттар Россия Федерациясынын укук коргоо органдарына канчалык активдүү кайрылып, документтерди тапшырууда кандай көйгөйлөргө тушугуп жатканына Sputnik агенттигинин кабарчылары кызыгып көрдү.

Эч кимдин мыйзам бузгусу жок

РФ Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, эгер пандемияга дейре Россияда 11 миллионго жакын мигрант болсо, 2020-жылдын аягында алардын саны 6 миллионго азайган. Анткен менен өлкөдө убактылуу жашоого уруксат же жашап туруу укугу баарында эле болгон эмес.

РФ ИИМинин маалыматына ылайык, эмгек ишмердигине патентти (Россияга кирүүгө визанын зарылдыгы жок адамдар үчүн документ) 1,3 млн чет өлкөлүк гана алган, ал эми 85 миң адамга иштөөгө (Россия менен виза режими коюлган өлкөлөрдүн жарандарына керек) берилген. Дагы 508 миң мигрант ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн жарандары болгон, ошондуктан алар Россияда эмгек же жарандык-укуктук келишимдердин негизинде Россиянын аймагында жүрүшкөн.

Калган 6 миллиондон ашуун киши РФ Ички иштер министрлигинин каттоосунда жок. Алардын баары эле мыйзамсыз мигрант эмес, бул эсепти алып жаткан маалда айрым чет өлкөлүктөр жашап туруу укугун же башка документтерди алууга жаңыдан кайрылышкан. Ошондуктан отчетко киргизилген эмес. Ошентсе да мыйзамсыз мигранттардын саны бир топ эле көп. Маселен, быйыл апрель айына карата берилген маалыматта Өзбекстандын 200 миңге жакын жараны Россияда мыйзамсыз жүргөнү айтылат.

РФтин миграциялык кызматтары жана Миграция боюнча эл аралык уюм 15-июнга чейин бул көрсөткүчтөр азайып каларына үмүттөнөт. Чет өлкөлүктөрдүн жүрүү шарттары жана тартиби жөнүндөгү Россия президентинин жарлыгы (мораторий ушунун негиздинде жарыяланган) мигранттардын бир далайына жардамчы болгонун белгилейт аталган эл аралык уюмдун Москвадагы бюросунун директору Абдусаттор Эсоев.

"Эгер бул жарлык чыгарылбаганда адамдар мыйзамсыз мигрант болуп калышмак, - деп билдирди ал кечээ, 26-майда, "Россия жана учурдун миграциялык чакырыктары" деген аталыштагы конференцияда. – Эч кимдин мыйзам бузгусу келбейт. Мыйзамсыз болууга адамдарды жагдай мажбур кылууда".

Которуу кыйынчылыгы

Мораторий киргизилгенине карабастан мигранттардын көпчүлүгү акыркы күндөрү гана каттоого турушарына кейийт Россия ИИМинин Миграция маселелери боюнча башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Дмитрий Демиденко. Анын айтымында, эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү Москва, Подмосковье жана Санкт-Петербург өңдүү ири калааларда турушат, ал эми бул шаарлардагы миграциялык кызматтарда чет өлкөлүктөр быкпырдай кайнайт.

"Анткени 15-июнга аз калды, ал эми бизде баягыдай эле абал: адамдар мораторий жарыяланган бир жарым жыл өз маселелерин чечүүгө аракет да кылышкан эмес. Ошондон улам ушул тапта кайрылуулардын саны кескин өсүп кетти. Бирок мындай жүктү да көтөрүүгө аракет кылабыз. Орчундуу татаалдык деле жаратпайт. Негизинен эл эртең менен көп кайрылат, түштөн кийин эч кимди таппай каласың. Менимче, мында түшүндүрүү иштери жетишсиз болуп жатат өңдөнөт", - дейт Демиденко.

Миграция боюнча эл аралык уюмдагылар ИИМдин өкүлүнүн пикирине кошулбайт.

"Мыйзамсыз мигрант макамын негизи биринчи ирет келгендер же жакшыраак көнүүгө үлгүрө электер алат, - деп түшүндүрөт Абдусаттор Эсоев. – Алгач жолу келгениңде баары жаңыча, баары татаал. Кайда кантип кайрыларыңды билбейсиң".

Анын пикиринде, маалыматтык боштукту толтурууга мигранттарга жердештик, жумуш берүүчүлөр көмөкчү болушу мүмкүн. "Кандай гана адам болбосун коомдун бир бөлүгү болуу маанилүү, - дейт ал. – Эмнеге мигранттар ар кыл өлкөлөрдө анклав түзүшөт дейсиз. Анткени аларга өздөрүн ыңгайлуу сезген жерлер керек. Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстандан келген мигранттарга жеңил, себеби алар негизинен орус тилин билишет. Бирок тилден кыйналган адамдар да бар, ал эми бул жагдай мыйзамсыз макамына түртөт. Ошондуктан мигранттар коомго аралашуусу үчүн жергиликтүү калкты тартууга туура келет. Мында жердештик байланыштыруучу звеного айланып, алар мигранттарга кандайдыр бир маалыматтарды чечмелеп беришет", - деп эсептейт Эсоев.

Жол киренин арзандашы маанилүү

Көпчүлүк мигранттардын мекенине кайтууга каалоосу, аракети дагы бир көйгөйгө айланды. "Башында алар Россияда калуудан чочулашкан, анткени жакындарын көргүсү келген. Себеби коронавирус канчалык кооптуу экенин эч ким билген эмес, - дейт Абдусаттор Эсоев. – Бирок жогоруда аталган республикалар чартердик учактарды уюштурганы менен каттамдар жабылган, жол кире кымбаттаган. Баарынын билет сатып алууга чама-чаркы келген эмес".

Түзүлгөн кырдаал мигранттардын көбүн чек арага карай жөө бет алууга түрткөн, натыйжада адамдар чектешкен аймактарда өтө албай туруп калышканын белгилейт бюронун директору.

"Кийин Россия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан өкмөттөрү менен биргеликте көрүлгөн чаралардан улам үйлөрүнө көпчүлүгү кайта алышты, - дейт Эсоев. – Өлкөлөр да көмөктөштү, биздин уюм аларга акысыз автобустарды уюштуруп берген. Билеттер алигүнчө кымбат. Азыр биз өлкөлөрдүн элчиликтерине кайрылып, маселен, адам катуу ооруп турса жардамдашууга аракет кылып жатабыз".

Авиабилеттер чындап эле мигранттардын айрым категорияларына кол жеткис болууда. Aviasales сервисинин маалыматы боюнча, Өзбекстандан Россияга билет бир жылда 55 пайызга жогорулаган. Тажикстан өкмөтүнүн алдындагы Жарандык авиация агенттиги тарифтердин көтөрүлүп кетишинен улам россиялык S7 жана Nordwind авиакомпанияларынын чартердик каттамдарын токтоткон. Билет баасы дээрлик 1,6 миң долларга чыккан. Россия менен Тажикстандын аба каттамдар маселеси РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров менен да талкууланган. Өз кезегинде ал: "Биз тезинен жыштыкты жана дайымкы авиациялык билдирүү көлөмүн калыптандырып, анын ичинде Россияда билим алган тажикстандык студенттердин баарынын кайтышына шарт түзгүбүз келет. Алардын саны 20 миңге чукулдайт", - деп билдирген.

Көрсөткүчтөр өсүүдө

Ал ортодо Россия эмгек мигранттарынын таңсыктыгы жоюла элек, курулуш тармагында бул 40-50 пайызга жетти. Ал түгүл Жаза аткаруу федералдык кызматынын жетекчиси Александр Калашников мигранттардын ордуна абактагылардын эмгегин пайдаланууну сунуштады.

Жыл башынан тарта Россияда эмгек мигранттарын тартуунун жаңы тартиби киргизилгенине, уюштурулган топтоо тутуму – "Россияда жумуш" порталы аркылуу жүргүзүлгөнүнө карабастан, өлкөгө быйыл келген чет өлкөлүк жаңы жумушчулардын саны миңдеп саналат. Мисалы, май айынан бери эле Россияга уюштурулган топтоо тутуму боюнча 187 гана өзбекстандык келген. Кантсе да процесс жаңы башталды, пандемияда мигранттар менен иш алып баруу боюнча жаңы программаларда бир маанилүү артыкчылык бар. Ал санариптештирүүнү тездетет деген ойдо бюро жетекчиси.

"Миграциялык саясаттын реформаланышына күбө болуп турабыз. Ал эми бүгүн реформалар жүргөн жерде санариптештирүү маселеси көтөрүлөт. Бул саамалык мигранттардын турмушун жеңилдетет: санарип акча которууларды пайдалануу көрсөткүчү жогорулап, башка сервистер да өрчүп барат", — деп жыйынтыктады Абдусаттор Эсоев.

Тема боюнча

Чет өлкөдө эмгек келишими жок иштебеш керек. Адистин түшүндүрмөсү
Россияда мыйзамсыз жүргөн мигранттар жоопко тартылбастан каттоого тура алат
Белгилер:
иш, эмгек, каттам, депортация, миграция, Россия

ЭҢ МААНИЛҮҮ