07:22 07 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6016
  • RUB1.1108
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
1391 0 0

Кыргызстандыктардын акча которуулары эмне үчүн кыскарды? Ага коюлган чектин жогорулашы ишкер мигранттарга кандай таасир этти? Россияда эмгектенген биздин мекендештер эмнеге үмүт артат? Кезектеги макала ушул маселеге арналган.

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматына таянсак, былтыркы жылдын январь-ноябрына карата Кыргызстандагы акча которуулардын көлөмү 2018-жылдын ушул айлар аралыгындагы мезгилге салыштырмалуу 287,4 миллион долларга кыскарган. Кеп жеке жактардын атайын системалар аркылуу которуулары туурасында болуп жатат. Январдан ноябрга чейинки которуулар 2 миллиард 192 миллион долларды түзгөн. Мурунку жылдын ушул маалында өлкөгө жалпы 2 миллиард 479,4 миллион акча, алардын басымдуу бөлүгү Россиядан которулган, жалпы суммасы — 2 миллиард 149 миллион доллар.

2019-жылдын апрелинде россиялык төлөм системалары Россиядан Кытай, Кыргызстан жана Вьетнамга акча которууларга чектөө киргизишинен улам бир катар эксперттер акча которуунун көлөмү төмөндөрүн жоромолдошкон. Тагыраак айтканда, жаңы эреже боюнча бир адам айына 100 миң рублден ашпаган өлчөмдө гана акча которо алат. Россия бийлиги муну акчаны адалдаштырууга жана мыйзамсыз каржылык операцияларга каршы күрөшүү зарылдыгы деп түшүндүргөн. Кийинчерээк бул маселе Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин деңгээлинде каралып, "Юнистрим" төлөм тутуму Кыргызстанга транс чек аралык акча которуунун шарттарын өзгөрткөн. Каражат булагын документалдык тастыктоосуз акча которуунун эң жогорку суммасы 150 миң рублди түзөт. Андан ири суммаларды банктар аралык система аркылуу которууга болот.

Мигранттар кандай ойдо?

Журналист Россияда иштеген мекендештерди сурамжылап, акча которууга коюлган чектин жогорулашы боюнча пикирлерин тыңдады.

Алардын көпчүлүгү жакындарына курулушка салууга же турак жай алууга, унаа, анын ичинде коммерциялык максатта пайдалануу үчүн да унаа сатып алууга каражат которушарын айтышат. Үй-бүлөсү насыясынан кутулуп же той өткөрүп алышы үчүн да акча жөнөткөндөрү арбын. Айрым мигранттар Кыргызстанда бизнеске жумшоого да акча жиберишет. Ишкерлердин айтымында, которулган каражаттын басымдуу көлөмү алардын ишмердигине байланыштуу, ошону менен бирге эле алар белгилүү бир үлүшүн мекенде түптөгөн жеке ишин өнүктүрүүгө сарптай турганын белгилешет.

Call-борбор кызматкери. Архив
© Пресс-служба правительства / Сабыр Аильчиев
Сурамжылоого катышкандардын бир бөлүгү чектин жогорулашын Россиядагы мигранттардын тейлөө тармагынан ишкердикке өтүүгө кыйыр өбөлгө деп санайт. Алардын 15 пайызы келишим бизнести жүргүзүүгө бир кыйла таасир этерин, ал эми 20 пайызы Россияда өз ишин ачкан кыргызстандыктардын саны өсүп жатканын жана жакынкы келечекте акча которууга коюлган чектин көбөйтүлүшүнүн пайдасы тиерин белгилешсе, сурамжылоого катышкандардын 45 пайызы жаңы эрежелер аларга таасир этерине анча маани беришпейт.

Пайыздар көңүлгө төп эмес

Москвада логист болуп иштеген Майрамбек Сыдыковдун пикиринде, чектин жогорулашы өз алдынча иш алпарган мигранттар үчүн маанилүү.

Логист  Майрамбек Сыдыков
© Фото / Бактыгуль Аманова
Москвада логист болуп иштеген Майрамбек Сыдыков
"Чекти жогорулатуу боюнча келишимдин катардагы мигранттарга тиешеси азыраак. Бул жакта кыргызстандыктардын көпчүлүгү андай акча табышпайт. Адатта ири сумманы ишкердик менен алектенген мекендештер гана которушат. Бирок мындай келишимдин түзүлүшү ЕАЭБге мүчө мамлекет катары Кыргызстанды сыйлап, биздин кызыкчылыктар менен эсептешерин айгинелейт", — дейт Сыдыков.

Каражат которууда алынчу пайыздар карапайым мигранттардын көңүлүнө төп келе бербейт.

"Маселен, мен жайында үнөмдөө үчүн тобокелдик кылып акчамды чемоданга салып эле алпардым", — деп моюнга алат мигрант.

Бизнеске өтүүгө жакшы өбөлгө

Коомдук ишмер жана кыргыз диаспорасынын активдүү мүчөсү, риэлтор Нургүл Каимова кыргызстандыктар үчүн которуу чеги ЕАЭБдин катарындагы бөлөк өлкөлөрдүн жарандарына коюлган чектөөлөрдөн айырмаланарын белгиледи.

"Каражат которуу чеги бир нече эсе жогору болгон өлкөлөр бар. Менимче, ошол мамлекеттердин ишкердик менен алек болгон жарандары биздикилерден көп экени эске алынган. Демек, Кыргызстан үчүн бул келишимдин келечеги бар, себеби Россияда бизнес ачып, кирешесин орто деңгээлден ашырган мекендештер үчүн зарыл. Бирок кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү жумушчу жана аларга акча которуунун чеги жогорулатылганы анчалык деле таасир этпейт. Ошентсе да бул биздин мигранттардын ишкердик чөйрөгө өтүүсүнө кыйыр өбөлгө болот", — деп белгиледи Каимова.

Кыргызстандыктар квалификацияланган эмгекке өтүшөт

Тырмакка кам көрүү чөйрөсүндө мектеп ачкан Элнура Ахмедованын баамында, квалификацияланган эмгек тармагында иштеген кыргызстандык мигранттар 50-60 миң рубль табат.

Основательница школы ногтевого сервиса Эльнура Ахмедова
© Фото / Айдай Эркинбекова
Тырмакка кам көрүү чөйрөсүндө мектеп ачкан Элнура Ахмедова
"Негизинен таксист, ашпозчу же медперсонал ай сайын мекенге 30-40 миң рубль жөнөтө алышат. Тилекке каршы, тазалык тармагында мээнеттенгендер боюнча муну айтыш кыйын, алардын айлыгы 20 миңден 35 миң рублге чейин. Азыр алардын бир тобу квалификацияланган тармактардагы иштерге өтүп, маянасы көбүрөөк ишке орношуу үчүн жумуштан тышкары курстарда окуп жатышат", — деди ишкер айым.

Анын айтымында, бүгүн кыргызстандык жаш кыздардын көбү сулуулук салондорунда иштөөдө.

"Ишти жакшы өздөштүргөндөр айына 100 миң рублге дейре таба алышат. Ошондуктан биздин жердештер сулуулук индустриясынан орун табууга ашыгат. Интернеттеги жарнамалардан улам мекендеш кыздардын 30 пайызы эбак ушул багытта иштеп жатышканын айтсак болот", — деп түшүндүрдү Ахмедова.

Эң зарыл келишим

Ишкерлердин эл аралык биримдигинин (ИЭА) төрагасы Надыр Сооронбаев бул уюм акча которууга чектин көбөйтүлүшүнө кызыкдар болуп келгенин айтат.

Представитель Международной ассоциации предпринимателей (МАП) Надыр Сооронбаев
© Фото / Международная ассоциация предпринимателей (МАП)
Ишкерлердин эл аралык биримдигинин (ИЭА) төрагасы Надыр Сооронбаев

"Биздин биримдикти беш жыл мурун Москвадагы кыргыз ишкерлери түптөгөн. Былтыр апрелден бери ар бир жыйында биз каражат которууга коюлган чектөөлөр ишкерликке терс таасир этип жатканын айтып келгенбиз. Мына, жыйынтык биз күткөндөн да дурус. Албетте, бул келишим бизге өтө зарыл. Базардагы соодагерлер сатып жаткан товарынын акчасын төлөө үчүн ар аптада Кыргызстанга акча жиберет", — деди ишкер.

Тегиз теңчилик

Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин окутуучусу Жеңишкүл Хулхачиева-Байтерекова ЕАЭБге мүчө болгон бардык өлкөлөр үчүн акча которуу жаатында бирдей стандарт болушу шарт деп санайт.

Преподаватель кыргызского языка в МГУ Женишкуль Хулхачиева.
© Sputnik / Лев Рыжков
Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин окутуучусу Жеңишкүл Хулхачиева-Байтерекова

Ал чектин коюлушу акча которуунун ачыктыгын камсыз кылып, бул коопсуздукка таасир этери айкын экенин белгиледи. Окутуучунун айтымында, бирок келечекте чектөөлөрдүн баары жоюлса, дурус болмок.

Тема боюнча

Россиядан Кыргызстанга документсиз 150 миң рублга чейин которууга жол ачылды
ЕЭК кеңеши мигранттарды пенсия менен камсыздоо боюнча долбоорду жактырды
Белгилер:
мыйзам, ишкер, мигранттар, Кыргызстан, Россия, Акча которуулар

ЭҢ МААНИЛҮҮ