21:22 22 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7407
  • EUR77.2797
  • RUB1.1279
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
40520

Учурда Москва шаарындагы базарларда иштеген кыргыздар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Москва шаарындагы базарларда иштеген кыргыздарга кыргыз улутундагы 4-5 бала келип салык салууда деген маалымат текшерилип жатканын КР ИИМдин Москвадагы өкүлү Аскат Алиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга чейин соцтармакта Москвадагы мигранттарды коркутуп акча жайнап алгандар тууралуу билдирилген

Алиевдин айтымында, Москвадагы курулуш материалдарын саткан базарга кыргыз балдар "криминалдык топтон келдик, айына бизге акча чогултуп бересиңер, биз силерди коргойбуз" деп жатканы боюнча маалыматтар келип түшкөн.

"Бизге азыр эч ким кайрыла элек. Эгерде ушундай коркутуп-үркүтүүлөр болсо бизге кайрылгыла деп социалдык тармактарга алдын ала билдирүүлөрдү жаздык. Эки күндөн бери базарларга барып эл менен жолугуп, мындай учурда арыз жазуу керектигин түшүндүрүп жатабыз. Азыркы күндө мекендештердин акчасын алып кеткен факты жок", — деди ал.

Алиев өз сөзүндө опузалап акча талап кылган учурлар 2010-2014-жылдары көп болгонун айтып, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген ондон ашуун киши кармалып, алар 5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылганын кошумчалады.

Тема боюнча

Чет жерде ишке орношуу: кыргызстандыктар үчүн мобилдик тиркеме чыкты
Москва: кыргызстандык жаран балаты майрамындагы башаламандыкты жөнгө салды
Белгилер:
опузалоо, криминал, мигранттар, Аскат Алиев, Москва

ЭҢ МААНИЛҮҮ