Миграция кызматы: ЕАЭБ КР жарандарынын Казакстанда мыйзамдуу иштешин шарттады

© Sputnik / Медиабанкка өтүүАстана шаары. Архив
Астана шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евразиялык экономикалык биримдик бир нече деңгээлдеги эркиндиктерге ээ. Алардын бирөө — жумушчулардын эркин жүрүүсү жана ЕАЭБдин аймагында мыйзамдуу түрдө жумушка орношо алуусу.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматынын кызматкерлери Казакстандын Алматы облусуна барып КР жарандары, полициянын өкүлдөрү жана ири дыйкан чарбаларынын башчылары менен жолукту.

Кыргызстандын жарандары негизинен талаада иштешет.

"Мисалы бир дыйкан чарбасында кыргызстандыктар иштейт. Марттан октябрь айына чейин алар миллион теңгеден ашык каражат иштеп табышат. Кыргызстан ЕАЭБге кирүүсүнүн алкагында эмгек мамилелери ЕАЭБдин 96 жана 98-беренелери менен жолго коюлат. Андыктан биздин жарандар Казакстандын аймагында мыйзамдуу иштөөгө мүмкүнчүлүк алышты. Ошондой эле алардын социалдык камсыздоосу, медициналык кызмат көрсөтүү казак жарандардыкындай эле сакталат", — деп айтылат маалыматта.

Казакстандык бир катар дыйкан чарбалар салык жана социалдык төлөмдөрдү төлөшөт. Андан сырткары, кыргызстандыктардын балдарына жайкы лагерге жолдомолор берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0