Кыргыз аткаминерлери мигранттардын маселесин чечүү үчүн Россияда жүрүшөт

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүМосквадагы мигрант. Архив
Москвадагы мигрант. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын делегациясы Россиянын мамлекеттик органдарынын жетекчилери менен жолугуп, мигранттардын "кара тизме" сыяктуу бир катар көйгөйлөрүн талкуулашууда.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлдөрүнөн турган делегация Россия аймагындагы мигранттардын көйгөйлөрү менен таанышып жүрөт. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Иш сапар Кыргызстандын элчилигинде диаспоралар жана эмгек мигранттары менен жолугушуудан башталды. Жумушчу топ андан ары Екатеринбург, Новосибирск, Красноярск жана Омскиге сапар тартышат. 

Мигранттын документтерин текшерип жаткан фмс кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык балдардын Россияга баруудагы көйгөйлөрү чечилет
Кыргызстандын миграция кызматынын демилгеси менен 31-май күнү кыргыз делегациясы Россиянын ички иштер министринин биринчи орун басары Александр Горовой менен жолукту.

Анда Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Отунбаев дагы катышкан. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында кыргызстандык мигранттарды "кара тизмеден" чыгаруу иш-чарасы улантылмай болду.

Мындан тышкары жумуш берүүчүлөр көпчүлүк учурда мигранттар менен эмгек келишимин түзбөй же маяналарын бербей коюп жаткан көрүнүштөрдү көзөмөлгө алуу маселеси дагы каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0