ФМК мигранттарды мөөнөтсүз патентке өткөрөт

© Sputnik / Яков Андреев / Медиабанкка өтүүРоссиянын Федералдык миграция кызматынын имараты. Архив
Россиянын Федералдык миграция кызматынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Федералдык миграция кызматы патенттин мөөнөтүн узартуу боюнча арыз ашыкча операция экенин белгилейт. Анткени, чет элдик жарандын жумушу тууралуу бардык маалымат салык кызматынан келет.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Россиянын Федералдык миграция кызматы чет элдик жумушчуларды ишке берилген уруксатын узартуудан бошотуу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыкты деп жазат "Известия" гезити.

Бүгүнкү күндө Россияда патент үч айга берилет. Эгер жумушчу ишин уланта берсе, жетекчилик үч күндүн ичинде арызын жана тийиштүү документтерди көрсөтүү менен ФМКнын аймактык органын кабардар кылуусу керек. Арыз бербеген ишкана ээлери 400-500 миң рубль айып пул төлөөсү каралган.

"Чет элдик жарандын жумушу тууралуу бардык керектүү маалымат салык төлөмдөрү төлөнгөндөн кийин ФМКга берилет. Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр бири-бирин кайталаган процедураларды жоёт", — деп жазат басылма.

ФМК Россияда жүрүү же жашоо мөөнөтүнө карата чектөөнү алып салууну пландаштырууда. Маалыматка ылайык, жаңы мыйзамда ишкана ээсинен арыз да талап кылынбайт, себеби тийиштүү маалымат салык кызматынан келип, мөөнөтү автоматтык түрдө узартылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0