Кыргызстандык балдар Японияда улуттук кийимдерди көрсөтүштү

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүУлуттук кийим кийген кыздар. Архив
Улуттук кийим кийген кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Япониянын Кавасаки шаарындагы фестивалга катышкан кыргызстандык балдар улуттук бий бийлеп, кыргыздын улуттук кийимдерин көрсөтүштү.

БИШКЕК, 7-июль — Sputnik. Кавасаки шаарында жыл сайын өтүүчү эл аралык фестивалга келген кыргызстандык балдардын тобу өз өнөрлөрүн көрсөткөнүн Кыргызстандын Япониядагы элчилиги билдирди.

Элчилик Кыргызстандын маданиятын жайылтып, туристтик деңгээлин көтөрүү  үчүн аталган иш-чаранын алкагында Кыргызстан тууралуу сүрөт көргөзмө уюштурду.

"Фестивалдын жүрүшүндө Кыргызстандан келген балдардын "Дизайн Мода" чыгармачылык тобунун өнөрлөрүнө кызыккандар көп болду. Топту Замира Ибраимова жетектейт. Алар Кыргызстандын Япониядагы элчилигинин чакыруусу менен келген", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандык балдар тобу улуттук бийлерди бийлеп, ырларды ырдап жана кийимдерди көрсөтүштү.

Ошондой эле фестивалда сувенирлер жана тоо балы сатыкка коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0