10:47 19 Теке 2019
Түз эфир
  • USD69.6500
  • EUR78.2796
  • RUB1.1086
Работа белорусской таможенной службы

Украинадан келген 27 адам Кыргызстанда качкын статусун алууга арызын берген

© Sputnik / Андрей Александров
Миграция
Кыскача шилтеме алуу
57 0 0

Украинадан келип, Кыргызстандын аймагында качкын статусун алууну каалагандардын алды мурда бул жакта жашап кеткендер же бүлөсүнүн бир мүчөсү КР жараны.

БИШКЕК, 19-июнь — Sputnik. Учурда Кыргызстандын жарандыгын алууну каалаган Украинадан келген адамдын 27 сунушу кароодо турат. Үч адам кайра өз өлкөсүнө өз ыктыяры менен чыгып кетерин билдирип, арыздарын кароону токтотуу өтүнүчү менен кайра  кайрылышкан. Бул туурасында Sputnik маалымат сайтына Эмгек, Миграция жана жаштар министрлигинин качкындар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Сарыбаев билдирди.

Сарыбаевдин айтымында, алардын алды мурда Кыргызстанда жашап кеткендер, же бул жерде туугандык байланыштары калган адамдар.

"Алардын Кыргызстан менен байланышы болгон, же жашап кеткен же туугандарынын, үй-бүлөсүнүн бир мүчөсү КР жараны катары бул жакта жашайт. Таласта жана Ысык-Көлдө  мындай бирден үй-бүлөлөр бар", — деди Сарыбаев.

Анын айтымында, украиналыктар 2014-жылдын июль айынан тарта кайрыла башташкан жана көпчүлүгү Донецк, Луганск облустарынын жашоочулары. 

Министрликтин өкүлү украиналыктардын жарандык алуусу документтерге байланыштуу экендигин, эгерде алар качкын деп табылса, Кыргызстандын жарандыгын үч жылдан кийин алуу мүмкүнчүлүгү бар деп кошумчалады.

 

 

Тема боюнча

Кыргызстан Украинада тынчтык орнотуучулук миссиясын аткарууга даяр — эксперт
Белгилер:
атуулдук, качкын, Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги, Чыңгыз Сарыбаев, Донецк областы, Луганск

ЭҢ МААНИЛҮҮ