Россия КР мигранттарынын кара тизмеден чыгышына кызыкдар

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСотрудник Федеральной миграционной службы проверяет документы у продавца. Архивное фото
Сотрудник Федеральной миграционной службы проверяет документы у продавца. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФтин КРдеги элчиси Россия өкмөтү мигранттардын кара тизмесинин кыскартуу боюнча иш жүргүзүп жаткандыгын айтты.

БИШКЕК. 9-мар. — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарымдуу элчиси Андрей Крутько жумушчу күчтөргө муктаж болгондуктан РФ мигранттардын кара тизмесинин кыскартуу боюнча иш жүргүзүп жаткандыгын айтты. 

Анын айтымында, көп мигранттар аталган тизмеге аларды жумушка алгандардын туура эмес кадамдарынан улам түшкөн. 

"Мигранттарды көп учурда алдап кетиишкен, курулушка жибергенде, документтери менен айлыктарынын көбүрөөк бөлүгүн алып коюп турушкан", — деп белгиледи элчи.

Кара тизмеден чыгуу желаргысы биринчилерден болуп, Россиянын мыйзамдарын кокустуктан бузуп алгандарга тиет. Алардын көбү студенттер жана узак убакытка дарыланууга келген адамдар.

Кыргызстандык мигранттарды кара тизмеден чыгаруу боюнча укуктук жактарды кароону жакында ЖК депутаты Бакыт Төрөбаев да көтөрүп чыгып, КР өкмөтү ЕАЭБге кирүү алдында бул маселени чечип алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү керектигин айткан. 

Эл өкүлүнүн маалыматында, 2014-жылдан эсеби менен алганда, Россиянын Федералдык миграция кызматынын кара тизмесине 100 миңге чукул кыргызстандыктар түшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0