Көз ачып жумгуча апамдан, төрт баламдан ажырап...
Жер көчкү алдында калган айылдар
Көз ачып жумгуча апамдан, төрт баламдан ажырап...
Жер көчкү алдында калган айылдар
Рысалы Ажиев калың топуракты теше тиктеп телмирет… Кечээ эле дал ушул жерде анын үйү турган. Күйүттөн акылын жоготкондой нес абалда эле: бут алдында көчкүдөн кутулууга үлгүрбөгөн балдары, улгайган апасы көмүлгөн…

Бүгүн биз Кыргызстандагы эң кыйратуучу жаратылыш кырсыгы туурасында кеп кылууну чечтик.

Жер көчкү — жер кыртышынын массасы оорлошуп, тоо тектери менен кыр, жар, көл, дарыя жана деңиз жээктеринин ылдый көздөй жылмышып түшүүсү. Өлкөдө өлүмгө көп кептеген табигый апаат болуп саналат. Соңку үч жылда таш кулоо, жер силкинүү жана кар көчкүнү кошо алганда да жер көчкү баарынан көп кишинин өмүрүн алып кеткен.
Кыргызстандагы 2017-2020-жылдар аралыгындагы табигый кырсыктардын курмандыктары
Эгер адам жер көчкүгө кабылса, аман калышы дээрлик мүмкүн эмес. Жүздөгөн тонна топурак бак-дарактарды омкоруп, имарат, көпүрөлөрдү талкалай секундасына бир нече метр ылдамдыкта көчүп келе жатканда адамдар сактанууга жетишпей калышат.

Кырсык ушунчалык катуу болгондуктан апаатта айрым учурда адамдардын сөөгү көчкү алдында биротоло калып каларын айтат КР ӨКМи алдындагы Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Анаркул Айталиев.
Анаркул Айталиев
Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору
"Кээде көчкүнүн курмандыктарынын сөөгүнүн айрым гана бөлүктөрү, чанда гана толук табылып калат. Бирок элестетип көрүңүз, үйлөрдү талкалап кетип жаткан жер көчкүдө көп учурда адамдардын сөөгү бүтүн калбайт", — деди ал.
Жер көчкүнүн келип чыгуу себептери кандай?
Жер көчкүнүн келип чыгуу себептери кандай?
Бул жаратылыш кырсыгынын себеби эмне? Жер көчкүлөрдүн 99 пайызы дал Кыргызстандын түштүк аймактарында болот. Жазында мөңгүлөр эрип, жер алдындагы суунун көлөмү артат. Топурактын нымдуулугуна жаан-чачын да таасир этет.
Кыргызстандын түштүк облустарынын көйгөйү бул жактагы тоолор көбүрөөк борпоң сары топурактан турарында. Борпоң топурак өзү чопо, кум жана ылайдан турат. Борпоң сары топурак нымды тартып алып, аны көпкө сактайт. Нымдуулугу жетер чегине жеткенде жар боорунан салмагын көтөрө албаган бөлүгү урап түшөт. Жүздөгөн тонна топурак жана ылай дарак, үй, жолдорду жер менен жексен, адамдарды мерт кылат.
Аман калгандардын баяны
Аман калгандардын баяны
Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы үрөй учурган апааттардын бири – Өзгөн районунун Сөгөт айылындагы 2003-жылдын 20-апрелиндеги кырсык. Журналисттер аны "Өзгөн Кармадону" деп аташкан, эске салсак, Сергей Бодровдун чыгармачыл тобун алып кеткен кырсык Түндүк Осетиядагы Кармадон капчыгайында болгон.

Аталган кыштактын 38 тургуну көз ачып жумганча набыт болушкан. Ошол убакта 20 жаштагы Нурлан Нуржанов катуу дабышка карабастан апасынын "Кач!" деген сөзүн угат. Бул апасынын акыркы сөзү экен... Нурландын ата-энеси, бир туугандары тонналаган көчкү алдында калат. Айыл тургундарынан болгону эки гана жигит кырсыктан аман кутулат.

Кырсыкка чейин бийлик тарабынан Сөгөт айылындагы тургундарга коркунуч туурасында көп эскертилген. Кийин журналисттерге ошол апаатта маркум болгондордун "Болжонгон коркунучтан кабардармын, ушул жакта калам" деген тил каттарын көрсөтүшкөн.

Жыл айланбай Ош облусун кайрадан кырсык тооруп, азага салат. 2004-жылдын 26-апрелинде Алай районунун Кайнама айылында жер көчөт. Күбө болгондор апааттан 20 мүнөт мурун катуу дабыш чыкканын айтышат. Бирок айыл тургундарынын басымдуу бөлүгү таң калычтуу ал дабышты элес алышпайт. Аягы жүрөк титиретет: 33 киши каза тапты, алардын 17си — жаш балдар эле.
Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Райкомол кыштагынын жашоочусу Рысалы Ажиев үчүн 2009-жылдын 16-апрели эң каргашалуу күн. Ошол күнү ал аялы, кенже уулу менен жайлоого кетет. Үйдө 80 жаштагы апасы, төрт баласы бар эле.
"Көчкү түшкөнүн түндө эле уккам, бирок анчалык деле олуттуу болбосо керек деп маани берген эмесмин", — деп эскерет Ажиев.
Кырсык болгон жерге жетип келген Рысалы менен аялы көргөн көздөрүнө ишене алышпайт: үйлөрүнүн ордунда калың топурак жана ылай. Жубайлар үйдүн карыясы жана төрт баласынан ажырап калганын ошондо түшүнөт.
"Үй-бүлөбүздөн айрылганыбызды аңдаганда акылдан айнып кала жаздадык. Адегенде үч жигиттин сөөгүн көчкү алдынан казып чыгышты: экөө коңшубуздун балдары, үчүнчүсү — биздин Айбегибиз... Ал бетон дубалга калкалаптыр", — дейт каңырыгы түтөгөн ата.
Ошондо 16 маркумдун тең сөөгүн таап казып чыгышканын эскерет Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Бердалы Мырзагулов.
"Апаат болгон жерге түн бир оокумда келдик... Аябай ызы-чуу, айлана бүт ылай, чаң-топурак, эч нерсе таанылгыдай эмес эле", — деп эскерет ал
Мырзагуловдун айтымында, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери кооптуулук жөнүндө жергиликтүү элге кабарлап, тоонун боорундагы жараканы көрсөтүшкөн.
"Жарака ыраак жерде, анан да кичинекей эле, олуттуу коркунуч туудурбайт деген элек. Башка багытка карай баратат деп ал жактан үч түтүндү көчүргөнбүз", — деп түшүндүрөт айыл өкмөт башчысы.
Мерт болгондордун сөөгү үч күн изделген. Ондогон киши жардамдашуу үчүн Райкомолго өз шаймандары менен келип, куткаруучуларга кол кабыш кылышкан.
"Айрым жерлерде урандылардын бийиктиги 10 метрге дейре жетип, анан калса айлана бүт ылай-топурак, ыктыярчылар ошол баткакка батканына карабай иштешкен", — дейт Мырзагулов.
Акча, жылуу кийим-кечек, азык-түлүк Райкомолго өлкөнүн булуң-бурчунан жөнөтүлгөн. Чет өлкөдөгү мекендештер да кайдыгер болгон эмес.

Каргашадан көз жумган кичинекей балдардын сүрөттөрү алигүнчө жергиликтүү мектептин дубалында илинүү бойдон турат. Райкомолдуктар азыр Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эскертүүлөрүнө алда канча олуттуу көңүл буруп калышканын айтышат.
4 миң үй-бүлө коркунучта
4 миң үй-бүлө коркунучта
Кыргызстанда бүгүнкү күндө жер көчкү коркунучунда турган 5 миң тилке бар. Мындай кооптуу райондордо 600 чакты калктуу пункт жайгашкан. Булар республиканын жалпы аянтынын 7,5 пайызын түзөт, басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.
"Буга Фергана алкагында абдан чоң борпоң сары топурактуу аянттардын орун алганы себеп. Акыркы жылдары алар активдешип, жер көчкү көп болгону ошондон", — деп түшүндүрөт ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Анаркул Айталиев.
Ушул тапта кооптуу аймактарда 4 миң түтүн жашайт, мамлекет тарабынан башка райондордон жер бөлүнүп берилерине карабай, көпчүлүгү көнүп калган жеринен кетүүгө ашыкпайт.
"Эмнеге мындай болууда? Жообу түшүнүктүү: адамдар өмүр бою мал менен алек болуп келген. Адатта аларга 6-8 сотыхтан тилке берип, түздүккө жайгаштырылат. Көпчүлүгү жаңы жерге көнүшүп убара тарткысы жок", — дейт Айталиев.
Мындан төрт жыл мурунку, тагыраак, 2017-жылдын 29-апрелиндеги кырсык анын күнү бүгүнкүдөй эсинде. Өзгөн районундагы Аюу кыштагындагы жер көчкү 24 кишинин өлүмүнө себеп болгон.
Кооптуулукту этибарга алышпай... Аюу айылындагы апаат
Кооптуулукту этибарга алышпай... Аюу айылындагы апаат
ӨКМдин Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору кырсыктан бир ай мурун аталган кыштакка келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бирге үймө-үй кыдырганын айтат.
"Элге ал жакта калуу кооптуу экенин, 2017-жылы жер көчкү көп болорун эскерткенбиз. Бирок эл олуттуу эч нерсе болбочудай ойлоп, маани берген эмес. Жер көчкү коркунучу кыштакта эбактан бери бар, бул жолу деле өтүп кетет деген тейде этибар алышпады", — дейт Айталиев.
Бирок жүрөк тилген кырсык тооруйт. Ошондо аман калган Артыкбай Камчиев жубайы, эки баласы, келини жана неберелери көчкү алдында калганын эскерет.
"Мен эшикте жүргөм. Жер көчүп келе жатканын туйбай калдым, башка тарапты карап турган элем. Бир убакта шамал соккондой болду, артыма бурулсам үйүм жок. Чаң-топурак асманга сапырылат...", — дейт күйүткө баткан Камчиев.
24 кишиден сегизинин гана сөөгү табылат, калгандары көчкү алдында калды.
Жер көчкүнүн алдын алуу кандайча пландалат?
Жер көчкүнүн алдын алуу кандайча пландалат?
Адамдарды аман сактап калуу үчүн аларды коопсуз жайга көчүрүүдөн башка чаралар да бар. Маселен, кыртыш нымдуулукту сиңирип алганча жер алдындагы сууларды кургатуу да жакшы натыйжа берерин белгилейт Анаркул Айталиев.
"Ашыкча топуракты түрттүрүп салууга болот, кооптуу масса экскаваторлор менен казылат. Мындай ыкмалар жер көчкү кооптуулугу бар жерлерди бошотууга мүмкүнчүлүк берет, ушинтип бул райондор коопсуз аймактарга айланат", — дейт адис.
Тилекке каршы, бул кыйла көп каражатты талап кылган иш, ошол себептен республикадагы 5 миң көйгөйлүү тилкенин баарын бул жол менен коопсуз аймакка айлантуу мүмкүн эмес. Ошентсе да долбоор иштелип чыгып, анын алкагында жалпы 46: Жалал-Абад облусунда — 22, ал эми Ош облусунда 24 жердин көчкү коркунучун жоюу пландалган.

Ушул аймактарда 990 үй, 11 мектеп жана үч мекеме бар. Чет элдик донорлор долбоорду ишке ашырууга 35 миллион доллар бөлүүнү убада кылышкан.
Авторлор
Ангелина Инюшина, Асель Минбаева

Консультант
Анаркул Айталиев

Фото, видео
Sputnik архиви, ӨКМ, Google Earth

Дизайнер
Даниил Сулайманов

Жетекчи

Эрнис Алымбаев

Sputnik Кыргызстан агенттигинин редакциясы материалды даярдоодо кол кабыш кылган Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Өзгөчө кырдаалдарды божомолдоо, мониторинг жүргүзүү департаментинин директору
Анаркул Айталиевге ыраазычылык билдирет