Подъездге кирип жылынам
деп таяк жечүмүн
Бишкектеги үй-жайсыз адамдардын жашоосу
Подъездге кирип жылынам деп таяк жечүмүн
Бишкектеги үй-жайсыз адамдардын жашоосу
Биздин чыгармачыл топ турмуштун сыноосунан сынган адамдар баш калкалаган үйдөн кабар алып келди. Аларга Бишкекке атайын ушул вазыйпа менен келген адамдар көмөктөшөт.
Маңдайымда калпакчан киши отурат. Сүрөткө тарттырбады, анткени, Ысык-Көлдүн бир алыскы айылында турган апасы, мурдагы аялы же балдары таанып калбасын деп чочулайт. Эки жылдан бери көчөдө турмуш кечирерин жакындарынан жашырып келет.
Аялымдын көзүмө чөп салганынан ичип кеттим
Үй-жайсыз бишкектик кишинин тагдыры
Аялымдын көзүмө чөп салганынан ичип кеттим
Үй-жайсыз бишкектик кишинин тагдыры
Бишкекте баш калкалар жайы жок адамдар үчүн жашоо өтө оор. Чын! Бир күнү кызуу бойдон жүрүп отуруп Ош базарынын айланасына жетип калыпмын. Ошол жакка аяк баспайм деп ант берген элем. Эмнеге десеңиз, мурда бир жолу ал жактан араң качып кутулгам. Үрөй учурат!

Ош базарынын айланасын "байырлаган" үй-жайсыздар чоочун бирөөнүн алардын аймагына киришине жол бербейт, баарын ээлеп алышкан. Кайда экенимди аңдаганымда корктум. Бул борборго телефон чалып, түнөк сурадым. Политех тарапка келишимди айтышты, мастыгыман жете албай калдым.

Бетонго кулап түштүм, буттарымды үшүккө алдырдым, беш күн бою баса албадым. Врачтарга ырахмат, алар мени айыктырды.

Болбосо мен жогорку билимдүүмүн, филологмун, кыргыз тили жана адабияты боюнча билим алгам. 17 жашымдан бери курулушта иштегем, "колуңдан көөр төгүлөт" деп калышат. Эч качан жумуш жагынан кыйналган эмесмин, өмүр бою мээнеттенгем.
30га толгонумда эсиме келдим, бардык классташтарымдын балдары мектепке барып калышыптыр, ал эми мен акча табам деп жүрө берипмин. Ошентип өзүмдөн 12 жаш кичүү кызга үйлөндүм. Өз күчүм менен машина сатып алгам, үйлөнүү тойду да өзүм өткөрдүм.

Балким, кептин баары жаш курагыбызда болгондур... Кыскасы, жубайым башкага ашык болуп калат. Адегенде кыжырым кайнады, аны да, сүйгөнүн да өлтүргүм келди. Өмүр бою камалайын дедим. Анан акылымды топтодум: "Мунун мага кереги не? Аларды өлтүрүп, 25 жылдан кийин абактан чыктым дейли. Балдарымдын энесин өлтүрүп салсам, алар мага кандай мамиле кылышат?.."

Күйүтүмө чыдабай ичип алдым. Соо кезде оюмдун баары ошол, ачуу суудан 200 грамм татып алсам, куунак жүрөм. Адам ошентип кынык алып, бөтөлкөнүн түбүнө түшөт тура.

Азыр аялым менен элдешкем, кээде балдарым менен көрүшөбүз, болгону чогуу турбайбыз. Эми ачууну таптакыр оозума албайм дей албайм. Бир учурда үч ай ичпей жүрдүм, баары жакшы эле болчу, алтургай, жумуш тапкам. Бул жактагы агалар "кетпе, баары бир ичип аласың" дешкен. Ошондой эле болду, эрким жетпеди. Бир аптадан кийин кайра кайттым бул жайга, агалар кучак жая тосуп алышты.
Бул жака кайрылгандар бүт кийимин чечип салууга тийиш
Үй-жайсыздар менен иш кандай жүрөт?
Бул жака кайрылгандар бүт кийимин чечип салууга тийиш
Үй-жайсыздар менен иш кандай жүрөт?
Бул кишинин "агаларым" дегени — бул "Боорукердик лигасы" кайрымдуулук уюмду өзүнө окшоп баш паанектегендер. Борбор Бишкектин чет жакасындагы эки кабат үй. Ыктыярчы Тимур Гусейновдун айтымында, ар бир жаңы кайрылган киши биринчи кезекте санитардык тазалануудан өтөт.
"Алар бүт кийимин чечет, биз аларды жуунтабыз, чачтарын кыскартабыз, анткени, көпчүлүгү биттеп келишет. Эгер адам соо болсо, анда анкета толтурууга тийиш", — деп түшүндүрөт ал.

Бул анкеталарды узакка барактадым. Кыргызстандын ар бир облусунан бар экен. Борборду байырлагандардын көпчүлүгү жогорку билимдүү. Ар биринин "борборго келишинин себеби" – турмуштун оор сыноосу.
"Боорукердик лигасы" уюму Россияда түптөлгөн. Бишкектик борбордун ыктыярчыларынын баары россиялыктар. Булардын алыскы Кыргызстанга келишине не себеп экенине көпкө баш катырдым. Адегенде кандайдыр бир саясий долбоор болуп жүрбөсүн дедим. Же сектанттар эмеспи деген да ой кетти.

Көрсө баары жөнөкөй эле экен: уюмду кайдыгер эмес адамдар, ишкерлер, бул борбордо мурда жашап кеткендер каржылап, ал эми мында иштеген ыктыярчылардын баары бир убакта турмуштун сыноосунан сынгандар экен.
Атамдын мурасынан ажырадым, темир тор артына түштүм
Ыктыярчы Тимур Гусейновдун окуясы
Атамдын мурасынан ажырадым, темир тор артына түштүм
Ыктыярчы Тимур Гусейновдун окуясы
Бардар үй-бүлөнүн уулумун. Бизде, Кавказда атам ийгиликтүү ишкер, апам ичкиликке берилип кеткен. Кийин алар ажырашып тынды, мага тарбия бергенге деле алдары келбеди.

Мектептеги кезимден тарта эле шапар тээп, сайран курчу болгом. Атам мени анын айтканындай жүрүшүмдү каалады, бирок тил албадым. Бизнесте ага көмөкчү керек эле, мен качтым. Батирлеп жүрдүм, чектим, ичтим. Эмне гана кылбадык. Шаңдуу болчу...

Бара-бара атамдын ишениминен кеттим, ал калтырар мураска деле үмүт арта албайт элем.

20 жашымда түрмөгө түштүм, үч жыл отурдум. Бошонуп чыкканымда классташтарым үй-жайлуу, жумушу бар, бала-чакалуу, ал эми мен белчеден баткакка баткам.

Автобекетте отурам, башым маң. Ошондо 24кө гана чыккам, баары менден жүз буруп кетишкен. Чөнтөгүмдөгү ушундай эле ыктыярчылар берген иш картаны кармаладым. Алар автобекетке келип, мени табышты, жашоомду өзгөртүүнү каалап-каалабаганымды сурашты. Өзгөрткүм келерин билдирдим. Ошентип тагдыр жолум ушул борборго бурулду.

Ал жактагылардын баары мендей эле адамдар экенин көрдүм. Жаза тайып, бирок кайра жолун түздөп, үйлөнүп, бала-чакалуу болушту. Жашоомду түздөөгө мүмкүнчүлүк бар экени мен үчүн айкын болду.

Үмүтүм жанды, ыктыярчылык менен алектенип жатканыма төрт жылдын жүзү болду. Кыргызстанга келдим, бул жакта да Россиядагыдай эле көйгөйлөр, ал эми адамдар жардам сурап кайрыларга жер жок.
Жылынайын дегеним үчүн ур-токмокко алынчумун
Бишкектеги үй-жайсыздардын турмушунан баян
Жылынайын дегеним үчүн ур-токмокко алынчумун
Бишкектеги үй-жайсыздардын турмушунан баян
Борборду байырлагандар тартипти бекем сактоого тийиш: таңкы 7де ойгонушат, кечки 11де жатышат. Түндүк Кавказдан келген ыктыярчы Мария Подледневанын айтымында, бир топ жылдан берки селсаяктык турмуштан кадыресе жашоого көнүү алар үчүн өтө татаал.

"Бизде бир аял бар. Мурда ага карап отуруп, кантип ушунчалык жүдөө болот деп ойлоп койчумун. Же сууну төгүп алат, же жеп жаткан тамагын чачат. Столдун үстүн сүртүүнү өтүнгөнүмдө туталана түшөт. Экөөбүз жалгыз калганыбызда ал 24 жылдан бери көчөдө күн кечирерин айтып берди. Чейрек кылымга чукул киши дасторконсуз, аны сүрткөн майлык же тамак салынчу табаксыз жашаган болсо, анан тамак кантип чачылбасын?!" — деп түшүндүрөт Мария.
Бирок баарынан мурун үй-жайсыздар мээримден өксүк экенин айтат ыктыярчы. Чындап эле ушундай экен. Орто жаштагы, чачы кыска кыркылган айымдын жанына басып бардым. Алкоголду көп жылдан бери ичкени жүзүнө из калтырбай койбоптур.

Бир калыптагы үнү менен өз тагдырынан баян салып берди. Жаш кезинде турмушка чыкканын, көз жаргандан кийинки эле күнү чүрпөсү чарчап калганын, күйөөсү таштап кеткенин, ал эми туугандары үйдөн кууп салганын айтып отурду.

"Кайда гана иштебедим! Жашаш керек да. Жайында талаада эмгектендим, кышкысын мал бактым. Ооба, иччүмүн. Кантип ичпейм анан? Көчөдө калсаң, арактан күчүңдү чыгарасың. Тамеки да чекчүмүн, жашырбайм", — дейт ал.
Менимче, бир топ жыл селсаяк турмуш кечирген аялдын көңүлүн эч нерсе козгой албаса керек. Бирок бир оңтойсуз соболум менен талуу жерине тийдим көрүнөт.

— Айтыңызчы, сизди качан акыркы ирет кучакташты эле?
— Эмне?
Суроомду кайра кайталадым.
— Эч качан...

Турмуштун болгон сыноосунан өткөн маектешим капыстан ыйлап жиберди. Ызасына чыдабай калган көрүнөт.

"Көчөдө жашоонун кандай кыйын экенин элестете да албайсыздар. Жок дегенде бир аз жылынып алайын деп подъездге баш багасың, сени ур-токмокко алышат. Подъездге киргеним үчүн эле канча ирет сабашты мени! Түнкүсүн аялдамада уктап жатсаң, бири келип жөн эле согуп кетет. Канча ирет мээм чайкалбады!" — деп көз жашка мууна айтып жатты.

Ыктыярчы Мария Подледнева айткандай чындап эле бул борбордогуларга мээрим жетишпейт. 33 жаштагы бул кыз өзү да эки ай көчөдө жашоого аргасыз болгон.
Таштанды челектеринен тамак тапчубуз
Ыктыярчы Мария Подледневанын окуясы
Таштанды челектеринен тамак тапчубуз
Ыктыярчы Мария Подледневанын окуясы
Жагымсыз бир окуя башымдан өткөн. Россиянын ири шаарларынын бирине дурус жумуш табам деп баргам. Бирок оюм ордунан чыкпады... Ижарага алган батир боюнча да алдап кетишти, анан чөнтөгүмдө сокур тыйыным жок көчөдө калдым.

Билесиздерби, ким мага тирек болду? Үй-жайсыздар. Алар кайыр сураган акчаларына сатып алган же таштанды челектен тапкан тамактарын берип курсагымды тойгузушту. Албетте, бул туурасында айтканым уят, бирок башымдан өткөн.

Азыр боенуп, жакшы кийинип жүрөм, ал эми ошондо таштанды челектин жанында үй-жайсыз адамдар менен бирге тургам. Жаныма өзү да таштандынын арасынан тамак издей араба түрткөн бир апа келди. Мага жүз рубль сунуп: "Эй балам, бир нерсе алып же" – деди. Ошол учур түк эсимден кеткис болду.
Ушул тапта кайсы бир мааниде аларга карызымдан кутулуп жатканым. Бул адамдардан жийиркенбейм. Ооба, жагымсыз жыт, кандайдыр көңүлгө жакпаган нерселер бар, бирок баарын жууп, калыбына келтирүүгө болот.

Кайрымдуулук иштер менен беш жылдан бери алекмин. Кыргызстандагы адамдарга да жардамым тийип жатканына абдан кубанам. Сиздердин өлкөдө көмөк көрсөтүүгө даяр адамдар аябай арбын. Биз жергиликтүү кайрымдуулук уюмдарынын баары менен кызматташабыз. Базардан азык-түлүк сатып алып жатканда да кыргызстандыктардын ушунчалык боорукер экени байкалат.

Азыкты кайда алпарарыбызды сатуучуга түшүндүрсөң эле бүттү, адамдар башка суроо узатпастан жардамдашууга ашыгышат. Айрымдар бекер берүүгө да даяр.
Мындай тагдыр ээлерине кол суналы дегениме эч ким кулак салган эмес
Мындай тагдыр ээлерине кол суналы дегениме эч ким кулак салган эмес

Ичип кеткен адамдарга принципиалдуу түрдө жардам бергиси келбеген көп адамды кезиктирдим. "Эмне кереги бар? Алар баары бир ичип коюшат", — деп боолголойт көпчүлүгү.

"Боорукердик лигасы" уюмунун Кыргызстандагы филиалынын жетекчиси Владимир Саликов мындай көз карашка таптакыр макул эмес. Ал дагы азап-тозоктун баарын көргөн, абакта отурган, көчөдө калган.
"Өзүм андай акыбалга тушуккам, бир нерсе өзгөртөйүн десем, шартым жок болчу. Бир ишти баштайм, оңунан чыкпайт. Жумушка орношкуң келет, документтериң жок, анан да кара тагы бар чыйырыңдан улам ишке да алышпайт. "Мен мурункудай эмесмин, карагыла мени, мен өзгөрдүм го" деп баарына далилдөөгө аракет кылдым. Бирок бирөө да тыңдаган жок", — дейт ал.

Жыйынтыгында Владимирдин кебин ыктыярчылар гана тыңдап, жардамга кол сунушту. Эми өзү сегиз жылдык тажрыйбасы бар ыктыярчы.

"Жаман "илдетин" жеңген адамдардын курчоосунда – моралдык жактан туруктуу чөйрөдө болуунун мааниси чоң. Алардын арасында адам жашоосун өзгөртүү керектигин түшүнөт. Ишке орношуп, тапканын туура жумшоону кайрадан үйрөнүү зарыл", — дейт ал.

Андай адамдарга эң башкысы өрнөк көрсөтүү экенине ынанат. Туңгуюктан чыгууга жол дайым табыларын түшүнүшү маанилүү.
Автор
Асель Минбаева

Фото
Табылды Кадрыбеков

Дизайнер

Даниил Сулайманов
Жаңылыктар түрмөгү
0