00:10 05 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6483
  • RUB1.0978
Инфографика

Кыргызстандан товар алган 15 өлкө. Таң калтырчу рейтинг

Кыскача шилтеме алуу
1963 0 0

Кыргызстандын экспорт боюнча ири өнөктөштөрүнүн алдыңкы үчтүгүн Улуу Британия, Казакстан жана Россия түзөрүн билчү белеңиз? Мындан башка кызыктуу фактылар Sputnik даярдаган инфографикада.

Улуттук статистика комитети Кыргызстан былтыр кайсы мамлекеттерге көбүрөөк товар жөнөткөнүн карап чыкты. Маалыматка ылайык, 2019-жылы экспорттун көлөмү 1,9 миллиард доллардан ашкан.

Жалпы экспорттун 42 пайызы Улуу Британияга туура келет, бул өлкө Кыргызстандан алган алтындан улам рейтингдин сап башын ээлеген. Кийинки эки орун ЕАЭБге мүчө болгон Казакстан менен Россияга туура келет.

Мында Кыргызстан Казакстанга 337 миллиондон ашуун долларга товар саткан, анын басымдуу бөлүгү кен жана баалуу металл концентраты. Ал эми Россияга 271 миллион долларлык товар жөнөткөн, анын 70 миллиону кийим-кечени түзөт.

Рейтингде андан кийинки орунду экспорттун жети пайызы туура келген Өзбекстан турат. Кытай менен Түркияга төрттөн пайыз туура келгени айтылды.

Жетинчи орунду Тажикстан ээледи, былтыр бул өлкөгө 57 миллион долларлык товар жөнөтүлгөн. Сегизинчи сапта Литва турат.

Бизден товар импорттогон мамлекеттердин тизмесине булардан тышкары Иран, Украина, Белоруссия, Бириккен Араб Эмирлиги, Германия, Бельгия жана Болгария бар.

Тема боюнча

Автоунаа, витамин, окуучулардын кийими. Кыргызстанда арзандаган 10 товар
Асрандиев: өлкөдө азык-түлүктүн камы жетиштүү
Белгилер:
Россия, Казакстан, Улуу Британия, рейтинг, импорт, экспорт, товар, Кыргызстан

Дагы инфографика

ЭҢ МААНИЛҮҮ