Кыргызстандын кайсы жеринде тамеки чегүүгө тыюу салынган. Инфографика

Жазылуу
Бир подъездде жашаган кошунаңыздын чыга калып тамеки тартканы мыйзам бузгандык экендигин билдиңиз беле?

Тамекини кайсы жерде тартпаш керек экендиги "КР жарандарынын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндөгү" мыйзамда аныкталган. Бул жерде кеп чылым гана эмес, кальян чегүү жана тамекисиз аралашмалар туурасында да болгон.

Мыйзам мындан 13 жыл мурда кабыл алынып, акыркы ирет 2017-жылы редакцияланган. 2019-жылдын кышында Жогорку Кеңештин депутаттары эл жашаган үйлөрдөн башка бардык имараттарда тамеки чегүүгө тыюу салган. Анткен менен буга шаардагы бир катар жайлардын ээлери каршы пикирин билдирди.

Мындан сырткары, автостанциялардын, авто жана темир жол бекеттердин жетекчилери, аэропорттор, поезддер менен коомдук тамактануучу жайлар тамеки тартууга атайын жай бөлүп, аны жабдууга милдеттүү. Тамеки чегүүчү жайлардын санитардык-гигиеналык тартибин өкмөт бекитип бериши керек.

Эреже бузуулар боюнча кодекске ылайык, тыюу салынган жерде чылым чеккен адамга 1000 сом өлчөмүндө айып салынат. Чылым чеге тургандарга милдеттүү түрдө жай бөлүү, тамеки заттарын тартуу жайлары жөнүндө көрсөтмөлүү маалыматты жайгаштыруу же мындай жайды жабдуу тууралуу талаптарды бузган жеке адамдар 3000 сом айыпка жыгылат (юридикалык тараптарга 13 000).

Айтмакчы, жаңы мыйзамдарда кызык жагдайлар бар. Биздин дагы бир инфографикада сиздер алардын бар экендигин билбеген айып пулдарды келтиргенбиз. https://sputnik.kg/infographics/20190725/1045178054/kyrgyzstandagy-aydoochular-tologon-en-kymbat-ayyptar.html

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0