Билбей калбаңыз! Мамлекет сизге бере турган акча каражаты

Жазылуу
Кыргызстанда мамлекеттик жөлөк пулдун үч түрү берилет. Алардын көлөмү 4 миң сомго чейин жетет.

Кыргызстандыктарга бюджеттен кандай төлөмдөр каралганын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Мамлекеттик жөлөк пул мыйзам менен бекитилип, өткөн жылдын башында күчүнө кирген.

"Балага сүйүнчү" үй-бүлөнүн кирешесине карабастан бала төрөлгөндө берилет. Учурда анын көлөмү 4 миң сомду түзөт. Бул каражатты алуу үчүн арыз ээсинин паспорту, баланын төрөлгөндүгү тууралуу күбөлүк жана банк реквизиттери зарыл.

Ымыркай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сүйүнчү пул алуунун жолу дагы жеңилдеди

"Үй-бүлөгө көмөк" минималдык кирешеси бир адамга кепилденген суммадан төмөн болуп, 16 жашка чейинки балдары болгон үй-бүлөлөргө берилет. Анын көлөмү 810 сомду түзүп, ай сайын берилет.

Каражатты алуу үчүн төмөнкү документтер керек: паспорт, учурда жашап жаткан жеринен үй-бүлө мүчөлөрү боюнча справка, балдардын күбөлүгү, үй-бүлөнүн кирешеси тууралуу маалыматтар жана банк реквизиттери.

Ай сайын берилчү жөлөк пул пенсия албаган үй-бүлөлөргө кирешесине карабастан берилет. Анын көлөмү 1000 сомдон 4000 сомго чейин жетет.

Мындай жөлөк пулга ээ болуу үчүн паспорттун көчүрмөсү, жашаган жеринен справка жана каражат алууга укугун аныктаган бир катар документтер керектелет.

Анткен менен мамлекеттик жөлөк пулдар кыргызстандыктарга берилген жалгыз төлөм эмес. Мындан башка убактылуу ишке орношо электерге, кош бойлууларга, иш учурунда жаракат алгандарга жана каза болгон адамды көмүүгө берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0